Жуманазарова Асылкан Зулпукаровна


Жуманазарова Асылкан Зулпукаровна - (1952-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району Мырзаке айылы) профессор (2002), химия илимдеринин доктору (2007), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000), СССР ИА ОХИде аспирантураны (Москва, 1981) бүтүргөн. 1981-жылдан Кыргыз ССР ИА ОХИде кенже илимий кызматкер, лаборатория башчысы, КРдин ЖАКтын жетектөөчү эксперти, бөлүм башчысы (1993-2007), 2007-жылдан КР УИАнын президиумунун бөлүм башчысы жана Фитотехнология лабораториясынын жетекчиси. Компьютердик технологиялар аркылуу химиялык заттарды моделдөө жана алардын касиеттерин алдын-ала аныктоо боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинен окуу китептери жана монографиялары бар. И. Арабаев атындагы жана Баласагун атындагы сыйлаган лауреаты (2002). Эмгектери: Кто есть в Кыргызской науке (авторлош). Б., 1997, Химиялык байланыш жана заттардын түзүлүшү (авторлош). Б., 1998, Физикалык химия (авторлош). Б., 2000, Кыргызская наука в лицах. Б., 2002, Кыргызская наука в зеркале диссертационных исследований. Б., 2004, О проблеме связи структуры с биологической активностью никотиноидов. Компьютерный расчёт. Б., 2004,

2016-08-11 57 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11