Акылбек Жуманалиев (1944) - кыргыздын заманбап тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор.
Акылбек Жуманалиев 1944-жылы 15-майда Кыргызстанда туулган. Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Туура-Суу айылында өскөн.
Ушул тапта Кыргыз УИАсынын Тарых институтунун Тарых жана маданият бөлүмүн башкарат.
2005-жылы Кемин аймагында № 57 Кемин шайлоо чөлкөмүнөн Кыргызстандын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкердигин койгон.
2012-жылдын 11-февралында "Кыргыз Тарых Коому" уюмунун уюштуруу жыйынына катышкан.
Жапон поэзиясынын классиктери Мацуо Басё (1644-1694) менен Сайге (1118–1190) чыгармаларын орус тилинен кыргызчага которгон.