Жумалиева Эльмира Бусурманкуловна


Жумалиева Эльмира Бусурманкуловна 1962-жылдын 16-майында Талас шаарында туулган.
Улуту кыргыз.
Жогорку билимдүү.
1984-жылы Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1984-жылы Ленин атындагы колхоздо экономист болуп иштөөдөн баштайт.
1987-жылдан тартып Фрунзе шаарындагы долбоорлоо кеңсесинде инженер-экономист болуп иштеген.
1990-жылдан тарта «Азат» корпорациясыннын (СМУ-5) өндүрүштү пландоо бөлүмүндө экономист болуп иш алып барат.
1993-жылдан баштап Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда алгач ага окутуучу, андан соң доцент, илим башкармалыгын начальниги, кафедра башчысы жана «Экономика жана ишкерчилик» факультетинин деканы кызматтарын аркалаган.
2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын 5 чакырылыштагы Жогорку Кеңешине «Республика» саясый партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.
Экономика илимдеринин доктору, профессор.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

2016-08-11 66 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11