Жумалиев Курманбек


Жумалиев Курманбек (1956) «Манас» эпосунун айтуучусу, манастаанучу, филология илимдеринин кандидаты, профессор 1956-жылы 10-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Арашан (мурдагы Ак-Моюн) айылында туулган.
Ата-бабаларынан же жакын туугандарынан эч кимиси «Манас» айткан эмес. Ал эми өзүнүн «Манас» айтып калуусуна атасы Жумалы менен апасы Сайранын таасири чоң. Атасы чукугандай сөз тапкан сөзмөр болсо, апасы «Эр Табылды», «Курманбек» эпосторунун айрым эпизоддорун мыкты билген.
Курманбекти «Манас» айтууга биринчи жолу агайы Апыш Койчуманов үгүттөп, айтуучулуктун айрым ыкмалары менен тааныштырган. Андан кийин айылдык манасчы Жылкычиев Турсундан таалим алган.
1974-жылы апрель айында Москва шаарында өткөн он беш республика аралыгындагы студенттердин Бүткүл Союздук өздүк көркөм чыгармачылыгынын кароо-сынагына катышып, биринчи жолу лауреат болуп табылган.
1974-76-78-жылдары Бишкек шаарында өткөн «Студенттик Алатоо жазы» фестивалдарынын лауреаты.
Курманбек Жумалиев «Манас» айтуу менен Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырган.
1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиосунун фондусуна анын айтуусунда «Семетей» эпосунан «Каныкейдин Тайторуну чапканы» эпизодунан үзүндү жазылып алынган.
1992-жылы Кочкордо өткөрүлгөн Сагымбай Орозбак уулунун 125 жылдык мааракесиндеги манасчылар, таймашында 20 жаштан 40 жашка чейинки 2-топтун арасында биринчи орунду ээлеген. Ошондо үйгө келээри менен ооруп жатып калганын эскерет, Элдин назары тушуп кыйналып калган экен, кыргызча ырымдап, киринелеп атып өзүнө келет.
1994-жылы Манасчылардын Республикалык кароо-сынагында баш байгени жеңип алган.
1994-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине арналган манасчылардын Эл аралык таймашында үч уулу менен кошо 3-даражадагы диплом, акчалай сыйлыкка татыктуу болгон.
Ушул эле жылы Туркиянын Анкара шаарында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияда «Манас» айтып, «Куран» кнтеби жана акчалай сыйлык менен сыйланган.
1998-жылы өткөн «Ысык-Көл-98» фестивалынын жеңүүчүсү болуп табылган.

Курманбек Жумалиев түшүндө эч ким айт деп аян бербегендигин моюндап, улуу манасчылардын арбагынын алдында, кудайдын алдында антип калп айта албайм дейт. Бирок Манаска байланыштуу бир нече жолу түш көргөндүгүн айтат. Анын биринде түшүнө Сагымбай Орозбак уулу кирип, манасчылыктын сырларын жаңы эле үйрөтө башгаганда ойгонуп кетет. Экинчи түштү Тон, районунда Саякбай Карала уулунун 100 жылдык мааракесине жөнөй берээрдин алдында көрөт, анда: «Бир боз үйдүн ичинде манасчылар күпүлдөп, биринен сала экинчиси «Манас» айтып жаткан экен. Кара көрпө жакалуу, чолок ак тончон, башына козунун көрпөсүнөн жасалган кара тебетей кийген Саякбай босогодо турат. Ал ото зор болуп кетиптир. Курманбектин бою чолок тондун этегинен бир аз эле өйдө болуп калат. Анан боз үйгө кирип «Манас» айтмак болгондо, Саякбай жандап токтотуп, айтып аткан аксакалга жолтоо болбо, айтып бүтсүн дегендей ишаарат кылат. Ошондон чочуп ойгонуп кетет». Дагы бир түшүндө: «Адырлуу жерде жүргөн болот. Бирөө келип, Алмамбет менен Чубак таарынып жатат деп кабарлайт. Курманбек алар турган чоң боз үйдүн эшигин ачып, босогодо үн-сөзсүз туруп калат. Эки Баатыр таарынып, бирин-бири жактырышпай кыр көсөтүшүп, капталдарын салып отурган экен. үстүлөрүндө боз чепкен, сыягы, төөнүн чуудасынан жасалган окшойт. Ошону көрөрү менен ойгонуп кетет».
Курманбек Жумалиев «Манас», «Семетей» эпосторунун көрүнүктүү эпизоддорунан, «Сейтек» эпосунун айрым бир окуяларынан айтат. Анын айтуусу негизинен Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун таасиринде болгону менен, айрым бир өзгөчөлүктөргө да ээ.
1994-жылы төрт жаштагы уулу Чьңгыз мектеп окуучулары арасында «Кичинекей манасчы» деген байгени жеңип алып, ал себептүү жана «Манас» эпосунун 1 ООО жылдык мааракесине карата Курманбек Жумалиев уулу менен «Кичинекей манасчы» аттуу 22 минуталык даректүү телетасмага тартылган. Телетасмага тарткан режиссер А. Айтикеев.
Курманбек Жумалиев бир канча усулдук колдонмо, китепдердин автору.
1992-жылы «Манасчылар жөнүндө түшүнүк берүү», 1994- жылы «Манас» эпосу боюнча жаштарды гумандуулукка тарбиялоо» аттуу усулдук колдонмолорду чыгарган.
1994-жылы жарык көргөн «Манас энциклопедиясындагы» бир катар макалалардын автору.
1997-жылы «Манас» эпосундагы жакшылык жана жамандык түшүнүктөрүнүн эпикалык формалары» аттуу монографиясы жарык көргөн.
1999-жылы «Манас» эпосундагы жалпы адамзаттык идеялар» деген окуу куралы, «Легендарлык ырчылар жана жомокчулар» аттуу илимий-популярдык эмгектери жарык көргөн.
2001-жылы жарыкка чыккан «Түштүк манасчылар жана семетейчилер» аттуу окуу куралынын автору.

Респубиликалык "МАНАС" жаштар ордосу, "Манасчылар" Б-2010ж.

2016-08-11 66 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11