Жумакунова Гүлзура


Гүлзура Жумакунова (Gulzura Jumakunova, 30.7.1954) – кыргыздын заманбап тилчи жана адабиятчы окумуштуу айымдарынын бири, котормочу, сөздүкчү, адабият таануучу, "Манас" дастанын изилдөөчү, булак таануучу, филология илимдеринин кандидаты. Ал - пост-советтик Борбордук Азиядан Түркияга илимий сапар менен барып, иштеп калып, Түркиянын борбор шаарындагы Анкара университетинде алгачкы болуп профессор илимий наамын алган окумуштуу-педагог.

Гүлзура Жумакунова 1954-жылы 30-июлда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунда (мурдагы Тянь-Шань району) Он-Арча айыл кеңешине таандык Эчки-Башы кыштагында айыл интеллигентинин үй бүлөсүндө туулган.

Атасы Жумакун айылдагы кадыр-барктуу аксакалдардын бири эле. Ал 2011-жылы июлда дүйнөдөн кайтты.

Апасы Батыйна мектепте, дүкөндө эмгектенген, айылда ардагер болуп, мурдараак дүйнөдөн кайткан.

Гүлзура Жумакунова 1976-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин Филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1976-84-жж. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясынын тил, адабият бөлүмүндө илимий редактор болуп иштеген.

1984-88-жылдары Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында аспирант болду.

1988-жылы "Манас" эпосундагы тиричилик лексикасы" темасында кандидаттык диссертациясын коргогон, СССР ЖАКынын чечими менен филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

1988-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетине) педагогдук кызматка которулган.

1990-91-жж. Москва шаарында Москва Мамлекеттик Университетинде илимий стажировкадан өткөн.

1992-жылы доценттик наам алган.

1993-жылы Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Анкара Университетинин чакырыгы менен Түркияга келген жана ошол мезгилден бери Анкара шаарында жашайт.

1993-94-жж. Анкара Университетинин TÖMER Тил үйрөтүү борборунда окутуучу.

1994-96-жж. Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Түрк кызматташтыгы жана өнүктүрүү агенттигинде чет элдик адис.

1996-2007-жж. Анкара университетинин Тил жана тарых-география факультетинде доцент.

2007-жылдан бери Түркиянын ордосундагы Анкара университетинде аты аталган факультетте профессор болуп иштеп келет.

Жубайы – белгилүү кыргыз ишкери Разак Сайдилканов.

Бир уул (Жоодар), эки кызы (Рахат, Карлыгач), 4 небереси бар.

Гүлзура Жумакунова – кыргыздын заманбап тил жана адабият таануу илимдерине бараандуу салым кошкон, пост-советтик мезгилде Кыргызстан-Түркия мамлекеттери арасында илим, маданият жаатында көпүрө курган окумуштуу айым.

Негизги изилдөө тармактары - Манас таануу, Айтматов таануу, Кыргыз таануу жана түркологиянын жалпы маселелери.

Гүлзура Жумакунова 2005-жылы жарыяланган "Түркчө-кыргызча" сөздүктүн (50 миң сөз) автору.

1994-1996 жылдарда чыгармачыл жамаат тарабынан даярдалган "Кыргызча-түркчө" сөздүктүн (К-Я тамгалары) автордошу.

Кыргызстандын атынан ондогон эл аралык конгресс, симпозиум, конференцияларга катышып, ар түрдүү темада илимий баяндамалар жасаган.

Эмгектери кыргыз, орус, түрк, англис жана башка тилдерде жарык көргөн.

Г. Жумакунова 1998-2008-жылдар арасында Түркиянын өкмөттүк ТРТ сыналгы жана үналгы башкы компаниясында атайын Кыргыз кызматында жетекчи болуп иштеп, бул кызматтын түптөлүшү жана өнүктүрүлүшүнө чоң салым кошкон.

Г. Жумакунова "Анкара университетинин профессору" наамын пост-советтик Борбордук Азиядагы окумуштуулардын ичинен алгачкы болуп алган.

Г. Жумакунова 2014-жылы Кыргызстан Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2014-жылы октябрда Токтогул фондунун сыйлыгына жана ТүркСОЙдун "Токтогулдун жылына" карата юбилейлик медалына татыган.

«Манас» эпосу жана кыргыз фольклору боюнча:

"Manas Destanındaki Batıl İnançlar". («Манас» эпосундагы эски ишенимдер). 1995 Dünya Hoşgörü-Manas-Abay yılı YII. Uluslararası Türk Halk Edebiyatı Semineri ve Uluslararası Türk Dünyası Kültür Kurultayı Bildirileri. – İstanbul,1996. - 49-52.


Чынгыз Айтматов жана кыргыз адабияты боюнча:

Кыргыз тили боюнча:


Кыргыз тарыхы жана этнографиясы боюнча:

Ислам дини тууралуу:

2016-08-11 126 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11