Жумакаева Тамара


Жумакаева, Тамара – актриса, ырчы
1942-жылы Нарын районунун Куланак айылында туулган. Кыргыз Республикасынын эл артисти.(1974-жылы эмгек сиңирген артисти наамын алган).1953-1955-жылдары ал Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын бий, балет, виолончель класстарында окуган.1959-жылы 8-классты бүткөндөн кийин Республикалык Көркөм өнөр фондусунун цехинде иштеген. 1960-жылы Тянь-Шань облусттук музыкалык драм театрына кабыл алынган. Атайын артисттик билими жок болсо да, өзүнүн музыкалык жөндөмдүүлүгү, дилгир сезгичтиги менен көптөгөн спектаклдерде каармандардын ички дүйнөсүн терең ачып берген, ролдорду зор чеберчиликте аткарууга жетишкен. Аткарган негизги ролдору: Күкүя, (К. Маликов "Алмаш"), үлпөт (ЖСалыков "Эми эмне болот"), Толкун(Ж. Абдыкадыров "Толкун"), Жыпаркул (Т. Абдумомунов "Атабектин кызы"), Айнагүл (К. Жантөшев Шайтан кыз"), Томаяк бала (Ж. Бакиев "Миң кыял"), Полина (Н. Анкилов. "Жоокердин жесири"), Айдан (С. Шимеев "Өмүр жөнүндө баян"), Акбара (Ч. Айтматов, "Кыямат"), ж. б

Асанов. У, Асаналиев. З, Атабаев. А "Нарын обласына 70 жыл. Энциклопедия"-,Бишкек, 2009

2016-08-11 119 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11