Жумакадыр Айтбаев


Айтбаев Жумакадыр (1927–2001) - обончу Ак-Талаа районунун үгүт айылында 1927-жылы туулган. Ырчылыкты М. Баетовдон, К. Нурдөөлөтовдон, М. Мусулманкуловдон үйрөнгөн. «Арпанын Ала-Тоосунан», «Кыздар ай», «Даанышман», «Ойгоном» ж. б. ырларды жашынан ырдап чыккан.

Муса Баетовдун өтүнүчү боюнча 1948-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынып, анда 1955-жылга чейин иштеген.

1956–1994-жж. Ак-Талаа районунда айылдык, райондук клубдардын башчысы болуп эмгектенген. Ал Б. Эгинчиевдин «Сайрасын булбул багыңда», Ж. Шералиевдин «Сүйүү» аттуу ж. б. ырларды жогорку чеберчиликте аткарган.
Ал 50дөн ашык обондорду жараткан. Алардын ичинен «Соң-Көлдүн көрүнүшү», «Гүлдөтүп колхоз талаасын», «Жайлоонун көркү мал менен», «Өтпөсүн жаштык убагың», «Мусакем өскөн айылда» ж. б. ырлары калк арасына кеңири тараган.

Ал Өкмөттүн грамоталары, медалдары менен сыйланган.

2016-08-11 55 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11