Жумагулова Айнагүл Сексеналиевна


Жумагулова Айнагүл Сексеналиевна - (1. 1. 1954-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) медицина илимдеринин доктору (1997), профессор (2001). КРдин илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлагынын лауреаты (2002). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2001). КММИни (1977), Кыргыз кардиология ИИИнин аспирантурасын (1984) бүтүргөн. Кыргыз кардиология ИИИде кенже, улук илимий кызматкер, бөлүм башчы (1985-2000). 2001-жылдан КРдин Саламаттык сактоо министрлигинде башкы кардиолог, ошол эле мезгилде КРСУда профессор болуп иштеген. 2000-07-жылы С. М. Миррахимов атындагы УКТБнин директорунун орун басары, 2007-жылдан директору. Кардиология боюнча адис. 140тан ашык илимий эмгеги, анын ичинен 2 монографиясы, 7 ойлоп табуусу бар. Эмгектери: Вариабельность сердечного ритма при эссенциальной гипертензии (в соавторстве). Б., 2007, Артериальная гипертензия и сосудистые заболевания головного мозга (в соавторстве). Б. 2007.

2016-08-11 36 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11