Жумагулов Олжобай Жумакадырович


Жумагулов Олжобай Жумакадырович - (20. 6. 1954-жылы туулган, Фрунзе) медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (2000). КММИни (1978), ошол эле жерде аспирантураны (1986), докторантураны (1993) бүтүргөн. Ленинградда көз микрохирургиясы боюнча клиникалык ординатурада окуган (1978-80). 1997-жылдан КММАда көз оорулары кафедрасынын башчысы. Көз микрохирургиясы, социалдык офтальмология, лазердик көз хирургиясы боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинен 3 ойлоп табуусу бар. Бүткүл дүйнөлүк интелектуалдык менчик уюмунун алтын медалы менен сыйланган (2008, Женева). Эмгектери: Контузия глаз. Ф., 1989, Амбулаторная микрохирургия вторичной катаракты. Б., 1992, Организация неотложной офтальмологической помощи в отдаленных районах Кыргызстана. Б., 1992.

2016-08-11 54 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11