Жумагулов Олжобай


Жумагулов Олжобай (20.6. 1954-ж. т. Ат-Башы району, Ак - Талаа айылы) — офтальмолог-микрохирург, медицина илимдеринин доктору (1996).
1978-ж. КММИнин дарылоо факультетин, 1980-ж. С. М. Киров атындагы Ленинград врачтардын билимин өркүндөтүү институтунун клиналык ординатурасын бүткөн.
1980- жылдан КММИнин (1996-жылдан Медициналык академия) көз оорулары кафедрасында ассистент, доцент (1983—86-ж. ошол институттун аспиранты, 1991—93-ж. — докторанты), 1997-жылдан кафедра башчысы.
Анын эмгектери көздүн микрохирургиясы жана азиздердин медицина-социалдык реабилитация маселелерине арналган. Жумагулов 1996-ж. Республикада 1-болуп азиздерди реабилитациалоонун кайрымдуулук медицина фондусун уюштурган.
Жумагулов 72 илимий эмгектин, ЗОдан ашык рационализатордук сунуштардын автору.

Олжобай Жумагулов, медицина илимдеринин доктору, профессор: "Катаракта - терезени жапкандай, күңүрттүк каптагандай оору"
КӨЗСүЗ – ААЛАМ КАРАҢГЫ

2016-08-11 65 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11