Жумагулов Мааметайып


Жумагулов Мааметайып (24.6. 1949- ж. т., Ак-Талаа району, Кара-Бүргөн айылы) — философ, философия илимдеринин доктору (1994), профессор (1997).
1970-ж. Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институттун физика-математика факультетин бүткөн, 1970—73-ж. ошол эле институттун философия жана илимий коммунизм кафедрасында окутуучу.
1973—76-ж. КМУда аспирант. 1976—91-ж. Кыргызстан УИАиып (философия жана укук институтунда кенже, улук, жетектөөчү илимий кызматкер, 1992-жылдан экологиянын философиялык маселелери бөлүмүнүн башчысы, ошол эле учурда 1996-жылдан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин философия, экономика теориянын негиздери жана культурология кафедрасынын профессору.
Жумагулов «байланыш» категориясын, адам менен табият ортосундагы мамиле-аракет маселелерин изилдейт, бул проблемалар боюнча бир нече монография, брошюра, 50ге жакын макала жарыялады.

2016-08-11 63 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11