Акын Эрлан Жумагазиев Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында 1983-жылы 20-октябрда туулган.
2000-жылы Ишенаалы Абылгазы уулу атындагы орто мектебин аяктап, 2002-жылга чейин дыйкан чарбасында эмгектенген.
2007-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтун аяктап,
Ысык-Көл районундагы Х. Жээнбаев атындагы Бостери орто мектебине кыргыз тили жана адабияты-тарых сабактарынан мугалим
болуп иштеген жана ошол эле жылдын ноябрь айында Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын чечими менен Жети-Өгүз районундагы
Чоң-Жаргылчак орто мектебине кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп которулган.
үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2008-жылдын сентябрь айынан Кочкор районундагы И. Абылгазы уулу атындагы орто мектебине которулган.
Учурда Бишкек шаарындагы № 5 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт.
Анын алгачкы ырлары Кочкор райондук «Эмгек туусу» гезитине жарыяланган.
2003-жылдан баштап чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин,
2004-жылдан «Калемгер» адабий клубунун мүчөсү.
Ырлары мезгилдүү басма сөз беттеринде, «Саамалык», «Алманын мөмөлөрү» өңдүү бир катар альманахтарда жарыяланган.
2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китеби