Жумадылов Советбек


Жумадылов Советбек — кыргыз совет театр жана киноартисти

Советбек Жумадыловдун балалык чагы Көл кылаасынын Пржевальск (азыркы Каракол шаары) шаарында өткөн. 7-классты аяктап эле болочок талант, мугалим болууну чечет да, өзү өскөн калаадагы педагогикалык окуу жайына тапшырып окуп калат.
1948-жылы ал педагогикалык окуу жайын аяктап аткан учурда Ташкент шаарындагы А. Н. Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна кабыл алуу жарыяланып калат. Жаш улан дароо эле аталган институтка тапшырууну чечет да, бир нече кыргыз жаштарынын катарында артисттик өнөрдүн окуусуна өтүп кетет.
С. Жумадылов театр өнөрү институтун 1953-жылы ийгиликтүү аяктап келип, Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театры) кабыла алынат.
Cоветбек Жумадылов ошондон тартып, өмүрүнүн акырына чейин ушул театрда дээрлик жарым кылымга жакын эмгектенген.
1988-1990-жылдары С. Жумадылов Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын көркөм жетекчиси болуп да кызмат өтөгөн.

С. Жумадылов Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында ондогон драмалык, трагедиялык жана комедиялык маанайдагы ролдорду эң жогорку артисттик чеберчилик менен аткарган, чыгармачылык диапозону өтө кеңири, көзүнүн тирүүсүндө эле кыргыз сахна өнөрүнө даңаза жана кумир болгон инсан.
Анын Солтобайы менен Ашырбайы("Ашырбай"), Войницкийи ("Ваня таеке"), Мырзакулу ("Бетме-Бет"), Чарыны ("Ак боз ат"), Маке чалы ("Алтын аяк"), Подколесини ("үйлөнүү"), Эзобу ("Эзоп"), Доктору ("Унутулган адам"), Отеллосу ("Отелло"), Омор Хаямы ("Омор Хаямдын махабаты"), Ричарды ("Ричард 3"), Эдигейи ("Кылым карыткан күн") ж. б. кыргыздын улуттук сахна өнөрүндө өтө жогору бийиктикке чыккан образдар болуп саналышат.
Айрыкча, С. Жумадылов жараткан легендарлуу грек тамсилчиси Эзоптун образы жеке гана артисттин ийгилиги эмес, жалпы эле кыргыз улуттук сахна өнөрүндөгү этаптуу көрүнүш болуп эсептелет.
1980-жылдардын ичинде С. Жумадылов кыргыздын чыгаан режиссеру Искендер Рыскулов койгон "Ричард 3", "Кылым карыткан күн", "Жаш гвардия", "Эрик таңы" сыяктуу спектаклдерде ойноп, чыгармачылыгында мурда боло элек жаңы бийиктикке ийгиликтүү көтөрүлүүгө жетишкен.
1986-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры Москва шаарында чыгармачылык гастролдо болгон учурда москвалык адистер жана сынчылар С. Жумадыловдун Ричардына өтө жогору баа беришкен.
Ал эми 1988-жылы ошол эле Москва шаарында "Театр Наций" ачылганда И. Рыскулов койгон "Кылым карыткан күн" спектакли мыкты чыгармалардын арасында бул окуяга катышуу укугуна ээ болгондо, С. Жумадылов Эдигей Жангелдиндин образы менен москвалык көрүүчүлөрдү кадимкидей суктанткан.
1980-жылдардын аягы, 1990-жылдардын башында С. Жумадылов улуу "Манас" эпосу боюнча коюлган спектаклдерде бир нече образдарды жараткан.
«Сейтек» драмасы боюнча коюлган спектаклдеги Семетей - Жумадылов чыныгы эр жүрөк баатыр гана эмес, эң биринчи кезекте адамдарга ишенген, жалпы элге таянган адилет каарман катары көрүнгөн. Актёр бул образда кыргыз элинин залкар эпосундагы кайталангыс каармандын бүткүл жан дүйнөсүн көрүүчүлөргө таасын ачып бере алган.
Ал эми «Айкөл Манас» драмасында С. Жумадылов негизги каармандардын бири Бакайдын образын да аткаруучулук жогорку чеберчилик менен ачып берүүгө жетишкен.
Кыргыздын улуттук театр өнөрүнөн тышкаары С. Жумадыловдун кыргыз киносунда жартакан эстен кеткис, нары кайталангыс көп сандаган образдары бар. Ал баш-аягы кырктан ашуун кинороль ойногон. Бул жагынан алганда, ага замандаш кыргыз совет артисттеринин бири да мындай көп сандаган фильмдерге тартылуу бактысына туш болушкан эмес.
С. Жумадыловдун Шараф ("Жоро"), Баяке ("Ак-Мөөр"), Жарасбай ("Караш-Караш ашуусунда атылган ок"), Байзак ("Ысык-Көлдүн кызгалдактары"), Ормотой ("Көчө"), Абды ("Акжолтой") ж. б. у. с. ролдору улуттук кинонун классикасы катары эсептелет.
С. Жумадылов ошондой эле жүздөгөн орус тилдүү фильмдерди кыргызча сүйлөтүүдө эң жогорку актердук чеберчиликти көрсөткөн.
С. Жумадылов кыргыздын улуттук радио жана телевидениесинде ишке ашырылган радио-телеспектаклдерде ойноп, прозалык чыгармаларды көркөм окуп, талантынын дагы бир кырын гана ачпастан, аталган тармакка да өтө чоң ийгилик алып келип, зор салымын кошкон.
С. Жумадылов кыргыз театр жана кино өнөрүнө өтөгөн зор кызматы үчүн мамлекеттик медалдар менен сыйланган.

Горлохватский ("Жыгылган оогонго күлөт", авт. К. Крапива).
Мухтар ("Тар капчыгай", авт. Т. Абдумомунов)
Тихон («Добул», авт. А. Н. Островский)
Солтобай, Ашырбай («Ашырбай» , авт. Т. Абдумомунов)
Войницкий ("Ваня таеке", авт. А. П. Чехов)
Вронский («Анна Каренина», авт. Л. Н. Толстой)
Шут («Король Лир», авт. У. Шекспир)
Мырзакул («Бетме-бет», авт. Ч. Айтматов)
Боромбай («Өлбөстүн үрөнү», авт. А. Токомбаев)
Омор («Абийир кечирбейт», авт. Т. Абдумомунов)
Кызылчок, Маке чал («Алтын аяк», авт. Б. Жакиев)
Эзоп («Эзоп», авт. Г. Фигерейду)
Доктор («Унутулган адам», авт. Назым Хикмет)
Чарын («Ак боз ат», авт. Ш. Садыбакасов)
Подколесин («үйлөнүү», авт. Н. В. Гоголь)
Отелло («Отелло», авт. У. Шекспир)
Мамбет («Фудзиямадагы кадыр түн», авт. Ч. Айтматов)
Танабай ("Танабай Бакасов" («Жаныбарым, Гүлсары» повестинин негизинде), авт. Ч. Айтматов)
Омор Хаям («Омор Хаямдын махабаты», авт. К. Мамбетакунов)
Ашпозчу («Өлөрман эне жана анын балдары», авт. Б. Брехт)
Лопахин («Алчалуу бак», авт. А. П. Чехов)
Ричард («Ричард 3», авт. У. Шекспир)
Эдигей («Кылым карыткан күн», авт. Ч. Айтматов)
Семетей («Сейтек», авт. Ж. Садыков)
Бакай («Айкөл Манас», авт. Ж. Садыков) ж. б.

Сарыуста ("Токтогул")
Шараф ("Жоро")
Болотбек ("Тайгак кечүү")
Каимбай ("Биринчи мугалим")
Жекшенкул ("Саманчынын жолу")
Алым ("Бакайдын жайыты")
Ибрагим ("Жоргонун жүрүшү" ("Жаныбарым, Гүлсары" повестинин негизинде)
Баяке ("Ак-Мөөр")
Жарасбай ("Караш-Караш ашуусунда атылган ок")
Байзак ("Ысык-Көлдүн кызгалдактары")
Ормотой ("Көчө")
Киномеханик ("Атадан калган туяк")
Абды ("Акжолтой")
Чабан ("Шаркыратма")
Дервиш("Ай тутулган түндө")
Райкомдун 1- секретары ("Биринчи") ж. б.

2016-08-11 56 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11