Жумабаев үсөнкул


Жумабаев үсөнкул (1923–1976) - акын.

үсөнкул Жумабаев 1923-жылы 5-декабрда Чүй районундагы Кара-Дөбө айылында туулган. Айылдык мектептин 9-классын бүтүрүп,
1942-жылы Чүй районундагы Кара-Дөбө колхозунда бухгалтердин жардамчысы болуп иштеген. Ошол эле жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып,
1944-жылы Рязань артиллериялык окуу жайын бүтүрүп, кенже лейтенант наамын алган. Андан кийин взводдун командири болуп Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
1946–1949-жж. Чүй райондук партия комитетинде инструктор, бөлүм башчы,
1949–1951-жж. Кыргызстан Борбордук партия комитетинин алдындагы эки жылдык партиялык мектепте окуп, партиялык уюмдун партиялык бюросунун катчысы болуп шайланган.
1956-жылы КПСС БКнын алдындагы партиялык жогорку мектепти сырттан окуп бүтүргөн.
1952-жылы Токмок шаардык партия комитетинин 2-катчысы,
1953-жылы Покровка райондук партия комитетинин 1-катчысы,
1955-жылы Фрунзе облустук партия комитетинин пропаганда жана агитация боюнча катчысы, 2-катчысы,
1953-жылы Кемин райондук партия комитетинин 1-катчысы болуп шайланат.
1962–1972-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинде Советтик органдар боюнча бөлүмдүн башчысы,
1972-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз ССРинин Маданият Министринин орунбасары болуп иштеп келген.

Анын алгачкы «Билим» аттуу ыры 1939-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине басылып, ырлары республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштаган. ү. Жумабаев 1973-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
«Эмгек Кызыл Туу» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин отуз жылдыгы» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин КП БКсына мүчө, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 7 чакырылышына депутат болуп шайланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ырлap. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 103 б.

Өлбөс адам.– Ф,: Мектеп., 1965. – 83 б.

Атанын өкүмү.– Ф.: Кыргызстан, 1967. – 114 б.

Кыл-кыяк.– Ф.: Мектеп, 1968. – 43 б.

Махаббат күүлөрү.– Ф.: Кыргызстан, 1970. – 104 б.

Өчпөс жылдыздар.– Ф.: Кыргызстан, 1973. – 116 6.

Алтын казык: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1976. – 108 б.

Ырлар жана поэмалар.– Ф.: Кыргызстан, 1978. – 235 б.

Махаббат күүлөрү: Ырлар, поэма.– Ф.: Кыргызстан, 1983. – 128 б.

2016-08-11 40 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11