Жумабаев Калил


Жумабаев Калил - (15. 5 1953-жылы туулган, Чүй облусу, Панфилов району Орто-Арык айылы) экономика илимдеринин доктору (2006), финансы-кредит маселелери боюнча адис, окумуштуу зоотехник. КАЧИни (1975), КМУну (1999) бүткөн. Панфилов районундагы совхоздо башкы зоотехник, КРдин айыл жана суу чарба министрлигинде экономист, тышкы экономикалык байланыштар, мал чарбачылыгы боюнча башкы башкармалыктын башчысы, Чүй облусу мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары, КРдин Финансы министрлигинде бөлүм башчы, КРдин Премьер-министринин аппаратында сектор башчы, 2000-жылдан КРдин Улуттук статистика комитетинде төраганын орун басары. 60тан ашуун илимий эмгеги, анын ичинен 15 монографиясы жарык көргөн. Эмгектери: Экономические проблемы, пути развития агропромышленного комплекса и продовольственного рынка в Кыргызстане. Б., 2002, Проблемы развития продовольственного рынка. Алматы, 2004, Сельское хозяйство и экология. Б., 2003.

2016-08-11 77 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11