Жумабаев Искендер Абдысаматович


Жумабаев Искендер Абдысаматович - (23. 3. 1956-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району Эриктүү айылы) адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты (1996), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1980). Эмгек жолун Чүй облусу, Сокулук райондук «Элдик трибуна» гезитинде иштөөдөн баштаган. 1982-89-жылы Кыргыз энциклопедиясында ил. редактор, улук ил. редактор, 1989-97-жылы КР УИАнын Тил жана адабият интунда кенже илимий кызматкер, 1997-жылдан улук илимий кызматкер болуп эмгектенет. Азыркы кыргыз адабиятынын, көркөм котормонун тарыхы боюнча 50гө жакын илимий эмгектин, анын ичинен «Т. Сыдыкбековдун "Тоо арасында" романы» аттуу монографиянын автору.

2016-08-11 52 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11