Жумабаев Бектемир Миталипович


Бектемир Миталипович Жумабаев (14.06.1960 - 16.01.2014) - заманбап кыргыз тарыхчыларынын бири болгон. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Тарых факультетинин деканы (2008-2014), тарых илимдеринин доктору, профессор. "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти (2012-жылдын 11-февралынан каза болгонго чейин) болуп иштеген.

Бектемир Жумабаев 1960-жылы 14-июнда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Чоң-Алай өрөөнүндөгү Дароот Коргон айылында туулган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Тарых факультетинде таалим алган.

1996-2001-жж. Кыргызстан Жогорку Кеңешинде депутаттын жардамчысы болуп иштеген.

2001-2008-жж. Э. Арабаев атындагы Кыргыз педуниверситетинде Чыгыш тилдери жана маданияты институтунун директору болуп иштеген.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Тарых факультетинин деканы (2008-жылдан).

Кыргыз Тарых Коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

2012-жылдын 11-февралынан тартып Кыргыз Тарых Коомунун вице-президенти (бул уюмдун президенти - Тынчтыкбек Чоротегин, башка вице-президенттери - Кубат Табалдиев жана Арслан Капай уулу Койчиев.

2014-жылдын 16-январында Бишкек шаарында улуттук госпиталда оорудан каза болду. Диагнозу микро-инсульт менен байланыштуу болду. Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылындагы көрүстөндө түбөлүк жайга берилди.

үй-бүлөлүү болчу.

Жары - Эркингүл (ал айтылуу генерал Ысакбек Монуй уулунун жакындарынан).

Кыздары - Асел, Айдай, уулу - Жебэ.

Жубайы Эркингүл Шаннанова эскерет:

"Мен Бектемир менен 1985-жылдын жаңы жылында таанышканмын. Экөөбүз 1986-жылдын март айында баш коштук. Анда Бектемир Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин алдындагы социология бөлүмүндө жөнөкөй кызматкер болуп иштечү. 1988-жылы өзү окуп бүткөн Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине кирип, окутуучу болуп иштеп калды. Бектемир үй-бүлөдө ата катары да, жубай катары да, аябай жакшы инсан эле. 1987-жылдын 7-февралында тун кызыбыз Асел, 1988-жылдын 19-июлунда экинчи кызыбыз Айдай төрөлдү. Кыздарын өтө жакшы көрчү. Бектемир экөөбүз 2006-жылы 16-мартта уулдуу болдук. Атын Жэбе койгон".

Бектемир Жумабаевдин калеминен 100дөн ашуун илимий жана жамаагаттык макалалар, бир канча китептер жарык көргөн.

1994-жылы кандидаттык диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты, андан соң доцент наамын алды.

КР Билим берүү министрлигинен "эл агартуунун отличниги" наамын дагы алган.

2010-жылы доктордук диссертациясын жактап, 2014-жылы профессор болгон.

Ахметова Ш. К., Жаныкулов Е. Ж., Майманов Г. К., Маматкаимов А. А., Махмутбекова М., ж. б.

Кыргызстандын Билим берүүсүнүн мыктысы (отличниги).

Өзү туулуп-өскөн айылда Бектемирдин ысымын алган чөлкөм таануу ажайыпканасын (музей) куруу демилгеси көтөрүлдү.

2014-жылдын 24-декабрында аны эскерүү жыйыны Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде уюштурулду.

Маркумдун жылдыгы 2015-жылы 16-январда Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.

2016-08-11 44 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11