Жумабаев Бейшенбек


Жумабаев Бейшенбек (21.8.1947-ж. т., Кочкор району, Кош-Дөбө айылы) — инженер-механик, техникалык илимдеринин доктору (1993).
1969-ж. Бишкек политехникалык институтун бүткөн.
1969-жылдан Кыргыз Республикасынын УИАнын тoo тектеринин физикасы жана механикасы институтунда инженер, улук инженер, кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген.
1995-жылдан башкы илимий кызматкер. Ошол эле убакта (1994- жылдан) Кыргыз агрардык академиясынын Гидравлика жана гидротехникалык курулуш кафедрасында профессорлук кызматта да иштейт. Докторлук илимий даражаны ыйгаруу боюнча эки адистештирилгсн Советтин (Жогорку Аттестациялык Комиссия менен тoo тектеринин физикасы жана механикасы институтунда) мүчөсү.
70тен ашуун илимий макалалары жана 1 монографиясы бар. Илимий изилдөөлөрү тоолуу жер кыртышынын минералдык сырьёлорун жана энергетикалык ресурстарын өздөштүрүүнү геомеханикалык жактан негиздөө маселелерине арналган.

2016-08-11 49 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11