Жумабаев Асек


Жумабаев Асек (9. 5. 1924-ж. т., Нарын району, Байказак айылы - 2005) — ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1964).
1949-жылдан Ленин ордендүү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти.
Негизги ролдору: Күлчоро (Малдыбаев, Власов, Фере «Айчүрөк»), Шеге (Брусиловский, "Кыз жибек"), Калыбек (Власов, Фере, «Алтын кыз»), У-Чей-фу (Власов, Малдыбаев, Фере, "Ажал ордуна"), Тойтук (Аманбаев, "Бойдоктор"), Арзымат (Власов, Малдыбаев, Фере, "Токтогул"), Маркабай (Давлесов, "Аста-секин колукту") жана башка.
Элдик ырларды чебер аткарат. Калмурат, Сартбай, Атай, Муса сыяктуу обончулардын өнөрүн улантуучу. Ал кыргыз эл ырларын көптөгөн чет өлкөлөрдө ырдаган. Бүткүл дүйнөлүк студенттер менен жаштардын Варшавада өткөн 5-фестивалынын лауреаты (1955). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Талант тагдыры: Арген үндүү Асек
Кыргыз эл артисти Асек ЖУМАБАЕВ:"КАРАМОЛДО: Асек, сен чоң артис болосуң, аракты кыскарт, бозого өт деди"
Асек Жумабаев унутулдубу?

2016-08-11 67 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11