Жороев Турабай



Акын Турабай Жороев Лейлек районунун Бабыл айылында 1951-жылы 7-мартта туулган. 1968-жылы Кулундудагы орто мектепти аяктап, 1969–1972-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунан, 1972–1979-жж. Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтунан билим алган. Эмгек жолун Лейлек райондук «Алга» гезитинде иштөө менен баштап, 1974-жылы Ош телерадиосуна кабарчы болуп которулган. 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадиокорпорациясынын өз кабарчысы, «Ош–3000» мамлекеттик телерадиокомпаниясында кызматкер болуп иштеп келген. 1966-жылы «Чыныгы достук» аттуу аңгемеси «Кыргызстан пионери» гезитине сандан-санга жарыяланган. Анын жыйырмадан ашык ырларына композитор-обончулар музыка жазышкан. 1994-жылы чыгармалары түрк-мусулман өлкөлөрүнүн акындарынын эл аралык сыйлыгына, 2002-жылы Ж. Мамытов атындагы адабий сыйлыкка татыктуу болуп, чыгармалары орус, түрк, өзбек, тажик ж. б. тилдерге которулган. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги» деген наам алган. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2016-08-11 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11