Жоробеков Жолборс


Жоробеков Жолборс - (15. 10. 1948-ж. туулган, Ош облусу, Ноокат району, Жал айылы) – саясат таануучу, саясат таануу илимдеринин доктору (1997), профессор (2000). 1974-ж. КМУну бүткөн. 1967–74-ж. М. В. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводунда жумушчу, 1974–81-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер, СССР ИАнын Этнография институтунда стажёр, 1981–93-ж. Орус тили жана адабияты институтунда (азыркы БГУ) окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1993–95-ж. Ош облусу мамлекеттик администрациясында аналитикалык борбордун башчысы, 1999–2002-ж. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, 2002–05-ж. Юрид. академияда кафедра башчысы, 2005–06-ж. БГУнун ректору, 2006–07-ж. КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, 2007-жылдан Ж. Баласагун атындагы КУУнун КР ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995–99). 100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография) автору.

2016-08-11 85 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11