Жоро бозо


Жоро бозо – эркектердин шерине сыяктуу чогулуп тамак ичүү каадасы. Жоро бозону жаш курактарына карай бөлүнгөн эркектер тобу түзгөн. Топко 25–40 адам кирген. Алар күз мезгилинде Жоро бозонун уюшмасын башташкан. Ал адатта, кыш бою өтүп, жазында гана токтолгон. Жоро бозонун алдында ага кирген кадыр-барктуу адамдардан бий шайлашкан. Анын милдети Жоро бозонун кезегин сактоо, тартипке чакыруу, жазалоошондой Жашыраак бирөөнү эрке бала коюшкан. Ал түздөн-түз бийдин тапшырмаларын аткарып, оюн-зоокторду уюштуруп, тартип бузгандарды жазалаган, ойго келбес тамашалуу жазаларды ойлоп таап, элди күлдүргөн өткүр, тамашакөй болгон.
Бийдин оң аталык, сол аталык деген эки жардамчысы болуп, алар оң, сол тарапта олтургандарга көз салып турган. Жоро бозонун мүчөлөрү бий менен аталыктар аркылуу гана сүйлөшө алган. Эки адам көлбөчү болуп дайындалып, бозо куюп турган. Бир адам кесекүл дайындалып, бозо сунган. Эки адам эшик агасы бекитилип, босогодо бийдин уруксаты менен кирип чыккандарды тескеген. Бозону чыпкалап берип турган адам күрө-көч деп аталган. Ал жорого катышкандардын катарына кирген эмес. Калган катышуучуларды жорокеч, жорочулар деп аташкан. 1-жорону айгыр жыяр деп атап, аны бий тапшырган адам өткөргөн. Боз үйдү бошотуп, ала кийиз, туш кийиздерин гана калтырган.
үйдүн ортосуна атайын идишке бозо куюшуп, бозону бийден баштап кезеги менен ичишкен. Жоро бозодо оюн зооктор, тамаша көрүнүштөр кенен орун алып, сармерден айтылган, комуз чертип, ыр ырдашкан. Бозо куюлган жыгач аяк эки-үч ирет айланта ичилгенден кийин дем албас ичишкен. Жоро бозого кокусунан келген адамды саламчы деп аташкан, аны бийдин гана уруксаты менен киргизишкен. Уюшманын аягында үйдүн ээси жорокечтерге эт тарткан. 2–3 күндөн кийин Жоро бозону кезектеги адам аткарган. Адатта Жоро бозо эртең менен эрте башталып, кечке чейин жүргөн. Жоро бозонун кезеги аяктаарда сол аталык, оң аталык, эрке бала, эң акырында бий өзү «бийлик жоро бозо» өткөрүшкөн. Акыркысы салтанаттуу өткөн. Ат оюндары, улак тартыш, күрөш, эңиш жана башка уюштурулган. Буга каалагандардын бардыгы катыша алышкан.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"
"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"
"Башкы ред. ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанков".
"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"



2016-08-11 48 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11