Жоошбекова Айнагүл Рысбаевна


Айнагүл Рысбаевна Жоошбекова (12.04.1969-ж. Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Большевик айылында туулган) – кыргыздын заманбап этнограф айымы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, КТКнын мүчөсү.

Айнагүл Рысбаевна Жоошбекова 1969-жылдын 12-апрелинде Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Большевик айылында (Жоош айылдык кеңешинин борборунда) туулган. Атасы - Рысбай Жоошбеков, энеси - үрүкан Маманова.

Айылында Токтогул атындагы орто мектепти 1986-жылы алтын медаль менен аяктаган.

1986-91-жылдары Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде окуган.

1994-98-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Этнография кафедрасында күндүзгү аспирантурада окуган.

1999-жылы этнография жаатында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Илимий жетекчиси - профессор Абылабек Асанканов Асанканович.

Учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Тарых институтунда Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасында доцент болуп эмгектенет.

Актуалдуу этнологиялык изилдөөсү үчүн А. Жоошбекова 2010-жылы июнда этнограф айым Какен Мамбеталиева атындагы сыйлыктын лауреаты болду (бул сыйлык биринчи жолу берилди).

Кыргыздын тарыхына, этносоциологиясына, рухий мад-тына арналган 50дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 2 монографиянын) автору.

2016-08-11 46 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11