Жоомартова Шекер


Жоомартова, Шекер – театр жана кино артисти.

Шекер Жоомартова өз айылында орто мектепти аяктагандан кийин 1988-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын театр окууу жайына келип кирет.

Аталган окуу жайынын студент кезинде эле, 1989-жылы Шекер Кыракадемдрамтеатрда акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбекованын "Апамдын махабаты" драмасы боюнча коюлган спектаклде башкы ролду – Жибектин ролун ойноп, театр чөйрөсүнүн сынына толот.
Театр окуу жайнын 1-курсун бүтүрүп, Шекер ошол эле жылы Москвадагы М. С. Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайнына өтөт.
1993-жылы Москвадан М. С. Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайын аяктап келгенден тартып Каракол шаарындагы Ысык-Көл областтык К. Жантөшев атындагы музыкалуу-драма театрында ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.
Театрга кирген алгачкы мезгилден тартып эле Шекер чыгармачылык дареметинин жогору экенин айгинелеп, алдыңкы катарга суурулуп чыкты.
Театрда эмгектенген жыйырма жылдык жигердүү чыгармачылык жолунун ичинде Шекер ондогон ролдорду ийгиликтүү ойноп, көл кылаасынын көрүүчүлөрүнүн гана эмес, жалпы эле кыргыз театр журтчулугунун оозуна алынды.
Акыркы жылдары Шекер Жоомартова кинодо да чоң-чоң ролдорду ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө кеңири таанымал болду.
Театрда жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлигинин Шекер Ардак грамоталары, "Маданияттын мыкты кызматкери" деген өзгөчө белгилери менен сыйлынган.
2010-жылы Шекер Бурулчанын ролун жогорку чеберчиликте жаратканы үчүн Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыкка татыктуу болгон.

Бурулча (А. Абдыгулова, "Бурулча") ж. б.
Асел (М. Байжиев, "Алтынчы күнү кечинде")
Нуржан (Д. Сариев, "Бир ууч топурак")
Көзү ачык кемпир (Ж. Кулмамбетов, "Ааламат келген күн")
Зулайка (К. Акиев, К. Жантөшев, "Курманбек")
Баян (Б. Мукаев, "Эңсеген түн")
Курдаш айым (Э. Ионеско, "Макбет")
Жийдегүл (З. Сооронбаева, "Байлык жана махабат")
Асел айым (Т. Касымбеков, "Кара көлөкө")
Дездемона (М. Байжиев, "Тил табышкандар")
Магыш (М. Ауэзов, "Абай")
Наргиза (О. Кожомкулова, "Туюк")
Жийде (К. Жапаров, "Намыскөйлөр")
Жибек (Ж. Өзүбекова, "Апамдын махабаты")

Астра ("Японочка", реж. Ж. Кулмамбетов) -2015-жыл.
Айгүл ("Кыз-жигит", реж. Ж. Кулмамбетов) - 2011-жыл.
Айнагүл ("Токолдор тополоңу", реж. Ж. Кулмамбетов) - 2011-жыл.

Кыргызстане вышла в свет новая кинокомедия «Токолдор тополону» о современном многоженстве






2016-08-11 49 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11