Жоокердик оюндар


Жоокердик оюндар — жоокерлердин курал-жарактарын колдонуу чеберчилигин арттырып, аскердик ыкка машыгуулар. Ж. ошондой Көкөтөйдүн ашында айрыкча апогейине жеткире сүрөттөлгөн. Эпос боюнча Ж. ошондой жамбы атуу менен башталат. Миң узун устун кыйдырылып, алты жүзү бири бирине уланып, тигинен жерге орнотулат. Алты жүз адамдын кунуна барабар чоң алтын жамбы орнотулган бийик устундун учундагы туура жыгачка кырк эки танап болот зым менен байланат. Мергендер мылтык октошуп, элүүдөн — жүздөн топтошуп атышат. Бирок эч ким жамбыны атып түшүрө албайт. Ошол учурда Манас кырк чоросу менен өз өнөрлөрүн көрсөтүп согуш оюнун башташат:

Кыбылага бет алып

Кыраан төрө турганда,

Кызыл алтын доолду

Тарс дедире урганда

Себилдүүсү сексен төрт,

Серп салган жагы кызыл өрт,

Эки жаак бөлүндү,

Манаска жолдош кырк баатыр

Байкабайт экен өлүмдү (Сагымбай Орозбаков, 3. 166).

Манас алтын доолду урганда сексен төрт жолдошу экиге бөлүнүп бетме-бет турушуп, мылтык октошот. Манас доол урганда сексен төрт мылтык чогуу атылып, чоролордун баары аттан көз ирмемде жерге кулап калат. Атчан калган жалгыз Манас доолду кайра урганда жерде жаткан баатырлар, ачып көздү жумганча үзүңгүгө аяк салбастан доолдун кагылышы менен ишке ашат. Кыргылчалдын көккө ыргыткан тебетейин чоролор жерге түшүрбөй эт бышымга атып турушат. Манас доол уруп дагы белги бергенде сексен төрт баатыр төрткө бөлүнүп, Бакай жыйырма жигити менен Кыргыл баш болгон жыйырма жигитти качырып кирет: "Карыя Кыргыл акырды, Каар төгүп бакырды, Бакай канды бет алып Баатыр Кыргыл качырды" (Сагымбай Орозбаков, 3. 169). Эки топ найзалашып беттешип, акыры Кыргыл тарап бүт аттан жалп-жалп кулап түшөт. Манастын доолу кайра кагылганда Алмамбет баштаган чоролор ат коюп жетип, тебетей эңгендей жерде жаткан Кыргылчалдын тобун илип алышып, аттарына мингизип, алдыда бара жаткан Бакайдын тобун кууп жетип, аттарынан аңтара сайып кетишет. Артынан Ажыбайдын адамдары жетип, Бакайдын тобун атка мингизип өтүп, Алмамбетти баш кылып, анын жолдошторун бүт аттан сайып түшүрөт. Бакай жигиттери менен жетип келип, Алмамбеттерди атка мингизип өтөт. Бакайдын тобун Кыргылдын тобу сайып өтүп, жыгылгандарды Ажыбай адамдары менен жетип атына мингизет. Манас дагы доол урганда сексен төрт жигит экиге бөлүнүп маңдай тескей турушуп, алеңгир жааны колго алып, оройного жебе чалып бири-бирине ок кезешет. Дагы белги болгондо шарт этип саадак тартылып, октой учкан жебелер каршысында турган адамдын бөркүндөгү чогун кыркып өтөт. Манас урган доолдун үнү дагы чыкканда сексен төртү кылычты кындан чечишип, кыйкырышып жетишип, кылычташа кетишет. Кезектеги доол үнү менен чоролор айбалта менен чабыша башташат. Акыркы кагылган доол добушу менен чоролор жамбыны атышка киришет. Эпосто сүрөттөлгөн Ж. ошондой айтуучунун гана көркөм фантазиясынан жаралбастан, алар реалдуу турмушка негизделген. Анткени кыргыз эли өзүнүн көчмөн турмушунда ар дайым сырткы баскынчы душмандан коргонууга даяр туруу үчүн мезгил-мезгили менен Ж. о-ды өткөрүп, согушка машыгып, такшалып тургандыгы белгилүү. Эпостогу Ж. ошондой кызыктуулугу менен гана эмес өтө катаалдыгы менен да өзгөчөлөнөт. Ж. о-да жоокерлер керек болсо өлүмдөн да коркпой тургандыгын, мүмкүнчүлүк болсо өлтүрө чабууга да даяр экендигин көрөбүз: "Өрттөнүп кеткен бул кулду, Өлтүрсөм экен деп жүргөн, Өчмөндүүсү дагы бар" (Сагымбай Орозбаков, 3. 172). Бул Ж. ошондой чыныгы согуштук машыгуу экендигин көрсөтөт. Көкөтөйдүн ашындагы Ж. ошондой бир жагынан кыргыздардын согуштук чеберчилигин ашка келген душмандарга көргөзүү максатын да көздөгөн: "Мусулман, капыр мынча журт, Карап туру зарылып, Кандай ушу жандар деп Эстен танып сабылып" (Сагымбай Орозбаков, 3. 173—174).

Ж. ошондой "Манас" эпосунда гана эмес түркмоңгол элдеринин эпосторунан да орун алган. Алсак бурят элинин "Гесер" эпосунда мелдешке чыккан үч жаачынын асманга аткан жебелери бирөөсүнүкү күн шашке болгондо, экинчисиники эки чай кайнамда, үчүнчүсү бир чай кайнамда, ал эми Гесердики күн батарда өзү турган жерге келип түшкөндүгү тууралуу айтылат (Р. С. Липец).

2016-08-11 49 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11