Жолдошев Токчоро


Жолдошев Токчоро (1903, Бишкек уезди, Карабулак айылы (Каражылга деген жерде), азыркы Кемин району – 1937) - Кыргызстандагы алгачкы мамл. ишмерлердин бири, кыргыздын тунгуч адабият сынчысы.

1925-ж. Алматыдагы казак-кыргыз агартуу ин-тун бүтүргөн.
1925-27-ж. Москвадагы Борб. улуттук басмасынын кыргыз секциясында редактор ж-а жооптуу катчы.
1927- 28-ж. Кыргызстан эл агартуу комиссариатынын академиялык борборунда төрага. 1929-31-ж. Кыргызстан БАКтын президиумуна мүчо, жооптуу катчы.
1931-32-ж. Кыргызстан колхоз борборунун (азыркы керек-жарак союзу) төрага.
1933-35-ж. Кыргызстан эл агартуу комиссары болгон.

«Кыргыз көркөм адабияты», «Аалы Токомбай уулунун ырлары», «Адабият майданында» (1926), «Көрктүү адабиятыбыз м-н акындарыбыз» (1927), «Касымаалынын Ажары» (1928) ж. б. көптөгөн макалаларды жазып, кыргыз адабий сынына чыйыр салган. Ж. Лениндин, марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын, кыргыз мектептерине арналган адепки окуу китептерин кыргызчага которгон ж-а редакциялаган. Адабий жыйнактардын (Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөн», Г. Жакиев айткан «Семетейден» узунду ж. б.) редактору. «Кызылгул» аттуу кыргыз тилиндеги алгачкы поэзиялык жыйнактын (1927) түзүүчүсү ж-а баш сүзүнүн автору. 1935-ж. ак жеринен жазаланып репрессияланган. 1956-ж. акталган.

2016-08-11 94 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11