Жол тандабас


Жол тандабас (вездеход) – татаал өткөөлдөрдөн (жолу жок саздак, кардуу жерлерден) жүрүүгө ылайыкталган, жер кыртышына басымы аз болгон транспорт (унаа) каражаты. 20-кылымдын башында жарым каз тамандуу жана дөңгөлөк каз тамандуу машиналар жасалган. Жол тандабастын дөңгөлөгү жазы, көлөмү чоң болгондуктан, сууда сүзүүгө жөндөмдүү. Жол тандабас үчүн негизинен каз таман же атайын дөңгөлөктөр менен жабдылган автомобилдин шассиси пайдаланылат, ал эми трансмиссияга тартуу күчүн жогорулатуу үчүн кошумча кыймыл өткөргүч куту же башка механизм орнотулат. Транспорт каражаттарынын бул түрүнө өзгөчө конститутциядагы, анын ичинде аба жаздыкчалуу машиналар кирет.

2016-08-11 56 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11