Жол азабы


Жол азабы — окуянын өнүгүшүндөгү өзүнчө бүрчөк, бөлүмдөгү туруктуу мүнөзгө ээ деталдык көрүнүштөрдүн бири.

Чөмүчтөн аттанган кол кырк күн, кырк түн тынымсыз жол жүрүп Алтай тоосун айланып өттү. Күн эсеби кырк бирге айланганда Кыргыл атка жүрө албай шайы кетет. Өзүнүн он башысы Бозуулга кыйналганын айтса кыялы чатак, өзү орой Бозуул катуу сөздөр айтып ак сакал адамды тилдеп коёт. Бозуулга таарынган Кыргыл колдун алды жагында жалгыз бараткан Манаска жетип, ага даттанат.

Манас анын сөзүн элес албай, чырды коюп, он башы улугуңа бар — деп, бастырып кетет. Дагы кыйла жерге баргандан кийин Манас бир кырга чыгып турнабай менен арттагы колду караса жетелөөдөн кош кетип, кош ат колдон бош кетип, ооган жакка баш кетип, адамдардын шайы бошоп калыптыр. Атка жүрө албай калгандарды атка таңып, кээсин жүктөп тыңдары артынан колду айдап алышканын көрөт. Муну көргөн Манас кол кырылып кетер, тыныгуу бербесек болбос деп шаша жөнөп, Алмамбетке артынан жете келип, элдин шайы кеткенин, Кыргыл арызданып келгенин айтып, элге тыныгуу берсек кантет? — деди эле, Алмамбет Кыргылга шылтоолоп өзүңдүн шайың кеткен го, колдун каны ким, мени кан шайлаганың жалган болсо өкүмүңдү өзүң ал! — деп кагып коюп, бастырып кетет. Манас Алмамбетке ыраазы болуп, өзүнүн ойлонбой иш кылып, кандык укугуна кийлигишкенине өкүнүп калды. Алмамбет дагы күндүк жол жүрүп, Шараптын кырына чыгып, дүрбү салып, колду караса элдин көбү жүрбөй, асты айдалып, арты байланып келет. Колдун чамасы чак экен, эми жүргөндө кырылып кетер деп ойлогон Алмамбет Кобулдунун өзөнүнө колду тыныгууга уруксат берди. Өзү Уркундун улуу дарыясын кечип өтүп, кытайдын кароолчу Куу өрдөгү жатчу көлгө, Ак кулжа жатчу белге, Мурадыл кароол кароочу чокуга чейин барып, чалгын чалып, Куу өрдөктүн, Ак кулжанын жоонун караанын көрүп кабарга кеткенин көрүп, эч кимди таппай Алмамбет кайра колго келди.

Коркунучтуу жоого каршы аттанган баатырдын татаал жолду басып, көп кыйынчылыктар тартышы фольклордогу кеңири тараган белгилүү сюжеттерден.

Сюжет Радлов жазып алган вариантта да, ошондой эле Валиханов жазып алган эпизоддо да жок. Бирок, Валиханов жазып алган эпизоддогу текстте Манас Жолойдун жылкысын тийгени бара жаткан жолдо Сары-Белдин жонунан кырчактын кызыл түлкүсү жолукканы эскерилет. Ал түлкү Жолойдун кубулган сулуу кызы, кароолчу экени айтылат. Бул ушул эпизоддогу кароолчу жандыктар (түлкү, өрдөк, кулжа) жөнүндөгү маалыматтарга үндөшүп турат.

Саякбай Каралаевдин вариантында кырк күн, кырк түн жол жүрүп, кол Алтайдын тоосун таянат. Колдун жүдөп шайы кеткенин көргөн Бакай Алмамбетке кошунду токтотуп, тыныктырууну сунуш кылат. Алмамбет колго тыныгууга уруксат берет. Саякбай Каралаевдин вариантында Сагымбай Орозбаковдун вариантындагыдай атайын окуя түрүндө кенен берилбестен, кыскача гана маалымдалган.

Башка белгилүү манасчылардын варианттарында окуя негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын, көп деталдык белгилери окшош айтылат.

2016-08-11 42 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11