Орусча-кыргызча котормочулар талап кылынат

Жүзүмдүн чанагы


Апенди жүзүмдүн чанагын жерге көмүп жатса, жанына бир досу келип: - Ээ, Апенди, бул чанак өсүп чыгып, мөмөсүн жедиргенче, ким бар, ким жок? Бөөдө эле убара болосуң, - дептир. Анда Апенди минтип жооп айткан экен: - Ээ, дозум-абрикозум, мөмөсүн азыр биз жеп жаткан дарактарды да сен экөөбүз тиккен эмеспиз, бизге чейинкилер тигип кеткен. Кийин-кийин менин небере-чөбөрөлөрүм да мен отургузган көчөттүн мөмөсүн жеп кубансын.

2016-05-29 51 Апендинин жоруктары Жыргалбекова С. 2016-05-29

Маалыматка пикир жазуу үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.