Жогорку кесиптик билим берүү


Жогорку кесиптик билим берүү - . 1932-, 1936- жана 1954-жылы кабыл алынган жогорку жана орто билимдүү кесип ээлерин даярдоонун сапатын жакшыртуу боюнча токтом кабыл алынгандан кийин, жогорку окуу жайларындагы айрым кемчиликтер жоюлган (профилдер кеңейтилген, жалпы теориялык даярдык жакшыртылган, предметтердин саны азайтылган, өндүрүштүк практика жакшыртылган).

Жогорку окуу жайлары эл чарбасынын бардык тармактары, мамлекеттик аппарат, маданият жана коомдук турмушта иштөө үчүн жогорку квалификациялуу кесип ээлерин даярдайт. Мектепти турмуш менен байланыштыруу жана элге билим берүү системасын өнүктүрүү законунда Жогорку кесиптик билим берүү турмушка, өндүрүшкө жакындатылган илимдин жана техниканын жетишкендиктерине ылайыктуу кесип ээлерин даярдоонун теориялык деңгээлин жогорулатуу талабы коюлган.

Билим берүүнү практика менен байланыштыруу жогорку окуу жайларынын профилине, студенттердин составына жана регионалдык жана улуттук өзгөчөлүгүнө жараша болот. Жогорку окуу жайына кабыл алууда, практикалык стажы бар абитуриенттерге жеңилдик берилген. Окуу жайларынын кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрү ачылган. Жогорку билимдүү кесип ээлерин даярдоо химиялык технология, автоматика, эсептөө техникасы, радиоэлектроника кесиптерине бөлүнгөн. Жогорку окуу жайлары мамлекеттин экономикасына жараша үзгүлтүксүз өнүгүүдө.

Жогорку окуу жайынын мазмуну билим берүүнүн илимий техникалык деңгээлин жогорулатуу, практика менен байланыштыруу багытына карай өнүктүрүлүүдө. Жогорку окуу жайларынын учурдагы мазмунунун негизги мүнөздөмөлөрү төмөнкүлөр:
– билим берүүнүн мазмунунун ил.-техникалык жана экономикалык өнүгүүнүн приоритеттеринин келечегине туура келүү даражасы,
– мазмунду гумандаштыруу, гуманитарлаштыруу,
– предмет аралык мазмунду ирилештирүү жана илим, өндүрүш, актуалдуу коомдук практика менен ирилештирүү даражасы,
– мазмунду интелектуалдаштыруу даражасы,
– мазмундун инсанды өнүктүрүү потенциалы,
– фундаменталдуулук,
– кесиптик компетенттүүлүккө калыптандыруу багыттуулугу,
– чыг-лык жөндөмдүүлүктү жана кесиптик-чыгармачыл сапатты калыптандырууга багыттуулугу,
– мазмундун мотивдештирүү жөңдөмдүүлүгү,
– мазмунда ар түрдүү түзүүчүлөрдүн катышы,
– натыйжаларды интенсификациялоонун методологиясын өздөштүрүүгө багыттуулугу,
– экологиялык жана жаратылышты коргоого багыттуулугу.

2016-08-11 43 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11