Жөтөл


Жөтөл — дем алуу органдарынын (коко, кекиртек, бронх, өпкө) ооруларынын негизги белгиеи. Ж. дем алуу жолунун былжыр челин еезгенүү процессинин продуктулары (мисалы, какырык) же бөтөн нерсе дүүлүктүргөндө пайда болот. Кээде Ж. дем алуу жолу дүүлүкпөй эле сүйрү мээдеги Ж. борбору козголуп, рефлекстик пайда болот. Мындай Ж. корккондо, уялганда жана башка байкалат. Ж. кургак (какырыксыз) жана какырыктуу болуп бөлүнөт. Ж-дө терең дем алып, бронх же бүт дем алуу булчуңдар чыңалат; үн жылчыгы жабылып, көөдөндүн ички басымы жогорулайт. Үн жылчыгы кайра ачыла баштаганда аба күч менен сыртка чыгат да, өзү менен кошо өпкөдөн какырык же бөтөн нерселерди ала чыгат. Бул дем алуу жолун тазалайт жана жагымдуу таасир этет. Бирок узакка созулган бат-бат Ж. организмге зыяндуу.

Кээде өтө узакка жана катуу жөтөлгөндө көкүрөк ооруп, дем кыстыгат, оорулуунун алы кетип, уйкусу качат, өпкөгө аба толот (Шилтеме: Өпкө эмфиземасы). Фарингитте кулкун ачышып, кычышып, оорулууну кыйнаган кургак Ж. болот. Коконун (ларингитте) же кекиртектин (трахеит) катарында күркүлдөп, тынбай жөтөлөт, үн байламталары сезгенгенде кырылдаган Ж., көк жөтөлдө приступ сымал Ж. болот. Ж-дө суткада бөлүнгөн какырыктын өлчөмү ар кандай болуп, кээде бир нече стаканга жетиши мүмкүн (мисалы, бронхоэктазда). Аны дарылоону врач гана жүргүзөт.

Ж-дү жоготуу же жеңилдетүү үчүн негизги ооруну (бронхит, өпкөнүн сезгениши жана башка) дарылоо керек. Какырыктуу Ж-дө какырык начар бөлүнсө какырык чыгаруучу заттар сунуш кылынат; көкүрөктүн жогору жагына горчичник коюу, ар кандай минерал суу (жарым стакан сүт, жарым стакан суу), бал (бир стакан сүткө 1 чай кашык бал) кошулган ысык сүт берүү, бутка ысык ванна, көкүрөккө компресс жасоо, оңко коюу кургак Ж-дү жеңилдетет жана оорусун басаңдатат.

2016-05-20 137 Медицина Жыргалбекова С. 2016-05-20