Орусча-кыргызча котормочулар талап кылынат

Жөрмөмө сайма жана жуушаң


Жөрмөмө сайма — ийне сайманын бир түрү. Чебер бул саймада бир нече майда таякчаны оңго карай жантык сайып чыгат. Анын узундугу жана бири-биринен аралыгы 1—1,5 смдей болушу зарыл. Муну кайрадан сол - го карай так ошондой жантык саят. Сайылган сайма көчөтү үч кошкон түрүндө көрүнүп калат. Жөрмөмө сайма да майда сайманын катарына кирет.

Жуушаң — кайчынын бир түрү. Майда жандыктардын жүнүн кырка турган курал. Ал ак болоттон жасалат да, жаагынын узундугу болжолдо 40—45 см, калыңдыгы бычак сырты болот. Жүндү кыркууда оң колдун сөөмөйү менен бармагы кенен баткандай кайчы өңдүү тегерек шакекче көзү чебер жасалат. Жуушаң учу аркылуу теридеги жүндү текши жиретип алып, сол кол жуушаңдын эки учун бүктөй капшыра кармаганда жүн таза жана арымдуу кыркылат.

2016-05-20 37 Кол өнөрчүлүк Жыргалбекова С. 2016-05-20

Маалыматка пикир жазуу үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.