Живопистүүлүк


Живопистүүлүк (көркөмдүүлүк) – реалисттик көркөм искусстводо биринчи кезекте станоктук живописке мүнөздүү болгон буюмдар дүйнөсүнүн объективдүү сапаттарын чагылдырган көркөм аткаруунун кээ бир өзгөчө белгилери (касиеттери). Курчап турган чөйрөнүн көзгө көрүнгөн көрүнүштөрү эч качан селейип катып калган формалардын жыйындысы боло албайт, себеби алар жашоонун, кыймылдын, материалдык дүйнөнүн өзгөрүп турушун анын сырткы көрүнүшү аркылуу билдиришет. Табиятта жана көркөм искусстводо көз менен көрүп турган түс жана жарык айкалышынын чыныгы ийкемдүү (кыймылдуу) динамикасын, контрасттардын молдугун, бир түстөн экинчи түскө өтүүдөгү жумшактыкты көркөмдүү деп атаса болот. Улуу реалист-сүрөтчүлөр Рембрандт, Веласкес, В. И. Суриков, И. Е. Репиндин чыгармаларында живопистүүлүк табигый нерсени, жашоонун бардык жактарын чагылдырууда эң кубаттуу көркөм каражат катары пайдаланылган. Реалисттик практикада ал өзгөрүүсүз касиет катары каралбайт, себеби анын мүнөзү жана «ченеми» кашкайган чындыктын талаптары менен шартталган. Живопистүүлүктү көрсөтүүнү башкы максат кылып алган жерде ал бара-бара бир нерсени сырт көрүнүшүнөн кабыл алууга шарт түзөт жана формалисттик жасалмалуулукка айланат. «Живопистүүлүк» термини графикада, скульптурада, жасалга-колдонмо өнөрүндө алардын ар биринин милдеттерин, мүнөзүн жана сүрөттөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен пайдаланылат.

2016-08-11 39 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11