Живописность


Живописность (көркөмдүүлүк) – реалисттик көркөм искусстводо биринчи кезекте станоктук живописке мүнөздүү болгон предметтик дүйнөнүн объективдүү сапаттарын чагылдырган көркөм аткаруунун кээ бир өзгөчө белгилери (касиеттери). Бизди курчап турган чөйрөнүн көзгө көрүнгөн картиналары эч качан селдейип катып калган формалардын жыйындысы боло албайт, себеби алар жашоону, кыймылды, материалдык дүйнөнүн өзгөрүп турушун, анын тынымсыз өзгөрүп турган сырткы көрүнүшү аркылуу билдирип турушат. Көркөмдүү деп табиятта да жана көркөм искусстводо да көз менен көрүп турган түстүк жана жарыктык мамилелердин чыныгы ийкемдүү (кыймылдуу) динамикасын, контрасттардын молдугун, бир түстөн экинчи түскө өтүүдөгү жумшактыкты атаса болот. Улуу реалист – сүрөтчүлөр Рембрандт, Веласкес, В. И. Суриков, И. Е. Репиндин чыгармаларында Ж., табигый нерсени, жашоонун бардык жактарынын алып көрсөтүүдө эң кубаттуу көркөм каражат катары пайдаланылган. Реалисттик практикада Ж. өзгөрүүсүз касиет катары каралбайт, себеби анын мүнөзү жана «ченеми» кашкайган чындыктын талаптары менен шартталган. Ж-ту көрсөтүүнү башкы максат кылып алган жерде ал бара-бара бир нерсени сырт көрүнүшүнөн кабыл алууга шарт түзөт жана формалисттик жасалмалуулукка айланат. Ж-ту таза, үстүртөн (формалдуу) түшүнүү, эреже катары, жаңы замандын ындыны өчкөн буржуазиялык көркөм искусствосунун калдыктары жана алардын тийгизген таасири менен байланышкан. Ж. термини графика, скульптура, жасалга-колдонмо көркөм искусстводо алардын ар биринин милдеттеринин мүнөзүн жана сүрөттөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен пайдаланылса болот.

2016-08-11 52 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11