Жиу-жицу


Жиу-жицу – өзүн коргоо жана куралсыз кол салуу боюнча япон системасы. Анын ыкмаларынын негизи адамдын денесинин коргоосуз калган бөлүктөрүнө (күрөө тамыр, боор, көкүрөк жана башка) сокку уруу. Жиу-жицунун негизги ыкмалары каршылашынын дем алуу жолдорун бууп, колдун жана буттун муундарын бурап бүгүп, түрдүү ыкмалар менен көтөрүп чабуу жана тушоо болуп саналат. Жиу-жицу куралсыз коргонуунун элдик ыкмалары катары Японияда байыртадан эле белгилүү. 13–14-кылымда түптөлүп, 14–19-кылымда самурайлардын физикалык жана согуштук даярдыгынын системасы катары Японияда кеңири кулач жайган. 19-кылымдын аягында Жиу-жицунун мыкты мектептерин тандоонун жана ыкмаларына жаңылоо киргизүүнүн негизинде япондордун дзюдо, 20-кылымда карате жана айкидо сыяктуу өз алдынча улуттук спорт түрлөрү пайда болгон.

2016-08-11 44 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11