Жирмeнский Виктор Максимович


Жирмeнский Виктор Максимович - 21. 7(2. 8). 1891, Петербург – 31. 1. 1971, Ленинград – филолог, СССР ИАнын академиги (1966,), Ленинград мамлекеттик университетинин профессор (1919), Оксфорд, Краков, Гумбольдт атындагы Берлин жана Карл (Прага) университеттеринин ардактуу доктору, советтик германистиканын негиздөөчүсү. Жирменский герман, түрк жана жалпы тил илиминин, батыш жана орус адабияттарынын тарыхы, теориясы, поэтикасы, ыр түзүлүшү, фольклору, чыгыш элдеринин эпосу боюнча баалуу эмгектерди жараткан: «Немец романтизми жана азыркы мистика» (1914), «А. Блоктун поэзиясы» (1921), «В. Брюсов жана Пушкиндин мурасы» (1922), «Рифма, анын тарыхы жана теориясы» (1923), «Байрон жана Пушкин» (1924), «Адабият теориясынын маселелери» (1928), «Улуттук тил жана социалдык диалектилер» (1936), «Гёте орус адабиятында» (1937), «Элдик баатырдык эпос» (1962), «Немец диалектологиясы» (1956) жана башка Ал Орто Азия элдеринин оозеки чыгармачылыгын изилдеп, «Өзбек элинин баатырдык эпосу» (1947, Х. Т. Зарифов менен бирдикте), «Манас» эпосун изилдөөгө киришүү» (1948), «Алпамыш жөнүндө улуу сөз жана баатырдык жомок» (1960) сыяктуу белгилүү эмгектерди жазган. «Манас» эпосун изилдөөгө киришүү» деген эмгегинде «Манас» айтуучуларды Ысык-Көл жана Тянь-Шань мектеби деп экиге бөлөт да, айтуучулардын варианттарындагы окшоштуктарды жана айырмачылыктарды далилдеген. Эпопеянын жаралышы, идеясы жана образдык түзүлүшү туурасында ой жүгүртүп, башка түрк элдеринин эпосторуна караганда, кыргыз эпосунда эпикалык салт өтө күчтүү өнүккөнүн белгилеген. Ошондой эле эпостун келип чыгышы жана кайсы доорго тиешелүү экени жөнүндө да кызык далилдерди келтирип, көркөм дөөлөттөрдү тарыхый-типологиялык аспекттен изилдөө ишин биринчи планга койгон. Ж. Берлиндеги Герман ИАнын (1956), Британ ИАнын (1962), Дания ИАнын (1967) жана Бавария ИАнын корреспондент мүчөсү (1970) болгон. Ленин ордени менен сыйланган.

2016-08-11 79 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11