Жийде Сузак району


Жийде (кыргызча Жийде) — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сайпидин Атабеков атындагы айыл округуна караштуу. Кара-Дарыя суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 710 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 12 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 20 км. Кыштак 1888-жылы негизделген. Калкы 3 509 (2009), негизинен жүзүмчүлүктө жана шалы өстүрүүдө эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода борборлору иштейт. Суусу мол болгондуктан, илгертеден шалынын мекени.

2016-08-11 76 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11

Мухаммед
Жийде❤