Жихад


Жихад (ар. - күчтүү аракет: газават менен маанилеш) – курандагы жоболордун бири (9-сүрө, 29-аят). Анда согушка жарактуу ар бир мусулман кайрыдиндерге каршы «ыйык согушка» катышууга тийиш деп көрсөтүлгөн, куралдуу күч менен ислам динин таратуу максатында жүргүзүлгөн мусулмандардын реакциячыл «ыйык согушу». Мусулман өлкөлөрүндөгү согуш урааны. Жихад идеясы көптөгөн мусулман элдеринде газават деген ат менен белгилүү.

"Кыргыз тарыхы" Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек – 2003. Башкы редактору: ү. А. Асанов, жооптуу редактор: А. А. Асанканов

2016-08-11 160 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11