Жезказган


Жезказган – Казакстан Республикасындагы шаар. Караганды облусунда. Сары-Суунун оң куймасы – Каракеңирдин жээгинде жайгашкан. Калкы 104,4 миң (2007). 1939-ж. негизделген. 1954-жылдан шаар. Темир жол бекети бар. Өлкөнүн өнөр жайы өнүккөн шаарларынын бири. Түстүү металлургия, химиялык, электр жабдыктары, «Улуу-Тоо» казак-кытай жеңил өнөр жай бирикмеси, тамак-аш, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, институт, медициналык колледж, кесиптик-техникалык окуу жайлары, китепканалар, тарых-край таануу музейи, кинотеатр, спорт сарайы, ботаникалык бак жана башка жайлар бар. Шаарга жакын жерде Жезказган жез кени жайгашкан.

2016-08-11 23 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11