Жетимишов Суранчы



Жазуучу, драматург жана сценарист Суранчы Жетимишов Алай районунун Корул айылында 1951-жылы 25-февралда туулган. Ал райондук, облустук гезиттерде, Кең-Жылга, Тогуз булак, К. Султанов, А. С. Пушкин атындагы орто мектептерде окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, С. Ибраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенип келген. Анын чыгармачылыгы 1970-жылдары башталып, алгачкы «Бактысыз аял» аттуу пьесасы Алай райондук элдик театрында коюлган. С. Жетимишовдун «Камчыбек» драмасы 1993-жылы З. М. Бабур атындагы Ош облустук өзбек музыкалуу драма театрында, «Алымбек датка» 2003-жылы С. Ибраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театрында, «Абдылдабектин көз жашы» 2000-жылы Кара-Кулжа райондук элдик театрында, «Кыргыз Каныкеси» 2001-жылы Өзгөн райондук элдик театрында, «Даткайым» 2001-жылы Ноокат райондук элдик театрында, «Даткайым», «Кайдасыңар, асыл адамдар» 2001, 2007-жылы Кара-Суу районундагы драмалык топто, «Кубат бий» 2003-жылы Өзгөн элдик драма театрында, «Каргаша» 2003-жылы Ош облустук куурчак театрында коюлган. Ал эл аралык жана республикалык деңгээлдерде өткөрүлгөн «Ош – 3000», «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы», «Оштун азем түндөрү 1999–2000», «Театр искусствосу достук үчүн ынтымактыктын, тынчтыктын көпүрөсү – 2002», «Кылымдар карытып баскан кыргыз көчү – 2002» аттуу маданий массалык театраштырылган оюн-зооктордун сценарийлерин жазган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына 2001-жылы Ж. Мамытов атындагы адабий сыйлыкка, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисине татыктуу болгон. 1976-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер, 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союздарынын мүчөсү.

2016-08-11 46 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11