Жети-Өгүз мөңгүсү


Жети-Өгүз мөңгүлөрү Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги жанаша жаткан эки мөңгү (Чыгыш жана Батыш Ж. м.). Жетөгүз өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Чыгышындагы мөңгүнүн узундугу 4,6 км, аянты 4,1 чарчы/чакырым. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4430 м, этеги 3100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3730 м. Абляция облусунун аянты 2,4 чарчы/чакырым. Негизинен оң тарабындагы төрдүн толкун сымал зор фирн агымы жылып чыгып, мөңгүнү түзөт. Мөңгү тартылууда. Батышындагы мөңгүнүн узундугу 3,0 км, аян - ты 4,2 чарчы/чакырым. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4660 м, этеги 3080 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3730 м. Абляция облусунун аянты 1,8 чарчы/чакырым. Куралуу облусу татаал. Мөңгүнүн оң жак четинде туурасынан кеткен жаракалар бар. Ортоңку морена мөңгүнү экиге бөлөт: кууш жана кыска оң бөлүгү жана узун монолиттүү сол бөлүгү. Мөңгү тартылууда, каптал мореналары анын этегинен 350–400 м төмөн жатат. Мөңгүлөрдөн Жети-Өгүз суусу башталып, Ысык-Көлгө куят.

2016-08-11 46 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11