Жети-өгүз району

Жети-өгүз районуЖети-өгүз району 1930-жылы уюшулган (1963-жылы Тоң районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн). Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң, түштүк-батышынан Нарын облусу, түштүк-чыгышынан КЭР менен чектешет, түндүгүнөн Ысык-Көл чулгайт. Аянты 14,2 миң чарчы/чакырым. Калкы 79,1 миң (1993). Райондо 13 айыл кеңеши, 47 айыл бар. борбору - Кызыл-Суу айылы.Табияты.

Райондун аймагы тоолуу; негизги тоо тармактары: Тескей Ала-Тоо (Ит-Тиш чокусу, 4808 м), Ак-Шыйрак тоо тоому (5125 м), Борколдой кырка тоосу (5170 м), Жетим-Бел кырка тоосу (4627 м), Какшаал тоо тизмеги (5200 м). Негизги өрөөндөрү: Ысык-Көл өрөөну, Жогорку Нарын өрөөну (Кара-Сай, Тарагай), Үч-Көл-Сары-Чат өрөөнү, Ак-Шыйрак өрөөну, Үзөңгу-Кууш өрөөну жана башкалар Алар деңиз деңгээлинен 1608 метрден (Ысык-Көл өрөөнү) 3200 м бийиктикке чейин (Ара-Бел өрөөнү) жайгашкан. Тескей Ала-Тоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында Сырт жатат. Кен байлыктары: калай, алтын, вольфрам, коргошун, графит, минералдуу жылуу булактар, курулуш материалдары жана башкалар Райондун Ысык-Көл өрөөнү жак бөлүгүндө деңиздик-тоо, Сыртка кескин континенттик климат мүнөздүү. Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы салкын (июлдун орточо температурасы 17,5°С), кышы жумшак (январдыкы -2,9°С), Сырттын кышы узак жана суук (январдыкы -22°С), жайы кыска жана салкын (июлдуку 5°С). Жылдык жаан-чачыны Ысык-Көл өрөөнүндө 350—500 мм, Сыртта 200—300 мм, тоолору мөңгүлүү, алардан Нарын, Сары-Жаз, Үзөңгү-Кууш, Жети-Өгүз, Жууку, Барскон жана башка суулар башталат. Майда көлдөрү бар. Топурак менен өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт.

Негизинен жарым чөлдүү кургак талаа, талаа-шалбаа, токой (негизинен карагай), субальп, бийик тоолуу тундра, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Аймагынын бир бөлүгү Ысык-Көл мамлекеттик коругуна кирет; Жети-Өгүз аңчылык заказниги уюшулган. Калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыз 68,4% (1993), орус, дуңган, украин жана башка улуттар жашайт. Орточо жыштыгы 1 чарчы/чакырым жерге 5,5 киши (1993). Көбү көл кылаасында отурукташкан. Чарбасынын негизги тармагы - айыл чарба, 3 колхоз, 6 совхоз, 3 ассоциация, Оргочор асыл тукум мамлекеттик заводу, Жети-Өгуз мал бордоо чарбасы, мөмө-жемиш питомниги бар. Айыл чарба дүң продуктусунун 64,2пайызын мал чарбасы (уяң жана чала уяң жүндүү кой) берет. 1993-жылы (1-январга) 321,3 миң уй (сааны 13,4 миң), 486,9 миң кой, эчки, 12,2 миң жылкы, 0,9 миң чочко, 114,5 миң үй канаттуулары, 0,6 миң коён, 0,2 миң нутрий болгон.

Район боюнча 3812 баш музоо (100 уйга 63 төн музоо), 116871 козу (ар жүз тубарга 98 ден козу), 524 кулун (100 бээден 44 кулун) алып, 4186 т эт, 6505 т сүт, 447 миң даана жумуртка, 840 т жүн (ар бир койдон 3,2 кг жүн) сатылган (1992). 1993-жылы райондун бардык жер аянты 1402 693 га, анын ичинде айыл чарбага жарактуу жери 483 631 га, айдоо жери 41705 га, чабынды 2073 га, жайыт 438800 га болгон. 13,1 миң га дан эгиндери (4906 т же ар ГАдан 31,1 ц), 14,5 миң га көп жылдык чөп (28733 т же 61 ц), 2,6 миң га 1 жылдык чөп (2040 т же 16,9 ц), 3,6 миң га силос үчүн жүгөрү (8807 т же 224,3ц), 0,8 миң га картөшкө (9545 т же 119,9 ц), 0,1 миң га жашылча (1195 т же 97,9 ц) айдалат. 1993-жылы Кызыл-Суу нан заводу, Кызыл-Суу кыш заводу, «Жети-Өгүз» акционердик коому, турмуш тиричилик жактан тейлөө үйү жана башкалар болгон. Райондун аймагы аркылуу Бишкек - Балыкчы - Каракол (көлдүн тескейи менен), Барскон - Ак-Шыйрак авто жолдору өтөт.

Кызыл-Сууда пристань, Тамга айлында аэропорт бар. Элге билим берүү, маданияты жана саламаттык сактоосу. Райондо 1992-93-окуу жылында 37 жалпы анын ичинде 25 орто, 9 негизги (1 жатак мектеп), 3 башталгыч билим берүүчү мектепте 16 миң окуучу окуп, анда 1701 мугалим (анын ичинде 1175 аял мугалимдер) иштеген. Алардын 1454 жогорку билимдүү, 25 толук эмес жогорку, 228 атайын орто билимдүү болгон. Окуу кыргыз (28 мектепте), орус (Богатыровка айылдарында) жана аралаш (Кызыл-Суу, Липенка, Оргочор, Светлая Поляна, Тамга) тилдерде жүргүзүлөт. 12 мектеп компьютер менен жабдылган. Макаренко атындагы мектепте (Кызыл-Суу) 2 жеке менчик класс (гуманитардык, физика, математика, химия сабактары боюнча) иштейт. Район боюнча 78 эл агартуунун отличниктери, 3 эмгек сиңирген мугалим иштейт.

1993-жылы 17 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 905 бала тарбияланып, анда бардыгы болуп 256 кызматкер иштеген, анын ичинде педагогдор - 100 (жогорку билимдүүсү 22, атайын орто 34, орто билимдүүсү 10). 2 кесиптик-техникалык окуу жайы (Кызыл-Суу, Барскон айылдары) бар. Райондук борбору китепкана жана анын 43 бөлүмү (китеп фондусу 234,6 миң нуска), 29 клуб мекемелери бар. Кыргыз жана орус тилдеринде райондук «Жети-Өгуз жаңылыгы» («Жети-Огузская новь») гезиттери чыгат. 1993-жылы Жети-Өгүз районунда райондук оорукана (275 орундуу), бейтапкана (сменасына 250 киши кабыл алат), балдар бейтапканасы, 145 орундуу участкалык ооруканалар (Кара-Сай, Караколка, Тамга, Жети-Өгүз, Ак-Шыйрак айылдарында), 24 фельдшер-акушердик пункт (ири айылдарда) жана башкалар бар. Район боюнча 113 врач, 511 медициналык орто билимдүү адис (анын ичинде санитариялык-эпидемиологиялык станцияда 14 врач, 49 медициналык орто билимдүү кызматкер) эмгектенген. Жети-Өгуз курорту, Ысык-Көл санаторийи, Барскон шаар чалдыбары бар.Жети-өгүз өрөөнүЖети-өгүз өрөөнү Ысык-Көл ойдуңунда жайгашкан. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз районунун аймагында. Аянты 63,0 чарчы/чакырым, узундугу 28,5 чакырым, туурасы 8-11 чакырым. Басымдуу бийиктиги 2000—3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн: терең жана кууш каптал капчыгай-өрөөндөрү көп. Этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу. Оозундагы адырлар улам жогорулаган сайын анча бийик эмес (1800—2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200—2800 м) тоолорго жана тик капталдуу бийик (3000 метрден жогору) тоолорго өтөт. Табияты өтө кооз.

Курорттон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3—4 чакырым аралыкка кууштап, андан чыга бергенде шиберлүү Көк-Жайык түздүгүнө өтөт. Өрөөндүн ооз жагы жана Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат, шагыл таш, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июлдун орточо температурасы 14,8°С, январдыкы -8,4°С. Жылдык жаан-чачыны 500—600 мм. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агат. Кайың, тал, терек, чычырканак жана башкалар жыгач, бадал өсүмдүктөрү, карагай токою, түркстан арчасы өсөт. Өрөөндүн жаныбарларын коргоо максатында 1958-жылы Жети-Өгуз аңчылык заказниги уюшулган. Өрөөндүн төмөнкү бөлүгүндө Жети-Өгуз курорту жайгашкан. Курорттун аймагынан минералдуу булактар чыгат. Өрөөндүн табияты өтө кооз.

Айрыкча курорт жайгашкан жер менен Көк-Жайыктын кооздугу суктанарлык.Жети-өгүз районунун айылдары.Райондун борбору Кызыл-Суу айылы (калкы 14314).Ак-ДөбөАк-Дөбө айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 21 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 208 чакырым. Калкы 1131 (1993). Орто мектеп, клуб, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.Ак-КочкорЖети-Өгүз айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 27км түштүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 211 чакырым. Калкы 1425 (1993). Китепкана бар.Аң-ӨстөнАк-Дөбө айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 20 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 206 чакырым. Калкы 1173 (1993). Орто мектеп, клуб, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.Ак-Терек (Суулу-Кыр-Коо) Жаргылчак айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Кызыл-Суудан 25 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 158 чакырым. Калкы 2349 (1993). Орто мектеп, клуб, жашылча иштеп чыгаруучу цех, бала бакча, айылдык врачтык амбулатория бар.Ак-ШыйракАк-Шыйрак айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 248 чакырым түштүк-чыгыш тарапта.

Балыкчы темир жол станциясынан 446 чакырым. Калкы 294 (1993). Башталгыч мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, клуб бар.БалтабайЫрдык айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 26 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 212 чакырым. Калкы 1003 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, айылдык врачтык амбулатория бар.БарсконБарскон айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 45 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 147 чакырым.

Калкы 6970 (1993). Орто мектеп, сегиз жылдык жатак мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, бала бакча, медпункт, маданият үйү, китепкана, элдик театр бар.БогатыровкаЛипенка айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 25 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 215 чакырым. Калкы 863 (1993). Сегиз жылдык мектеп, фельдшер-акушердйк пункт, клуб, китепкана, тигүү цехи (тон, тумак) бар.Боз-БешикОргочор айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 15 чакырым түндүк тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 200 чакырым. Орто мектеп, клуб, фельдшер-акушердик пункт бар.ГеологбазаАк-Шыйрак айыл кеңешиндеги геологдордун турган базасы. Сыртта. Райондун борбору Кызыл-Суудан 250 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 448 чакырым. Калкы 372. Токмоктогу трикотаж фабрикасынын цехи иштейт.ДарканДаркан айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Кызыл-Суудан 10 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 172 чакырым. Калкы 5021 (1993). Орто мектеп, сегиз жылдык мектеп, клуб, китепкана, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.Жалгыз ӨрүкКызыл-Суу айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 2 чакырым түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 182 чакырым.

Калкы 1138 (1993). Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, бала бакча бар.Желе-ДөбөЖети-Өгүз айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 17 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 204 чакырым. Калкы 870 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.Жеңиш (Чычкан)Жаргылчак айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынаң 24 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 161 чакырым.

Калкы 1894 (1993). Орто мектеп, клуб, бөла бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.Жети-ӨгүзЖети-Өгүз айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 24 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 211 чакырым. Калкы 3339 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, 2 бала бакча, участкалык , оорукана бар.Жон-БулакЫрдык айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 26 чакырым чыгыш тарапта.

Калкы 1494 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.Ичке-БулуңЛипенка айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 29 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 216 чакырым. Калкы 1355 (1993). Орто мектеп, клуб, китенкана, фельдшер-акушердик пункт бар.КабакЖети-Өгүз айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Кызыл-Суудан 25 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 210 чакырым. Калкы 1150 (1993). Негизги мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.КайнарКызыл-Суу айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 15 чакырым түндүк тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 199 чакырым. Калкы 448 (1993). Кыш завод, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, бала бакча бар.КараколБарскон айыл кеңешине караштуу айыл. Нарын капчыгайынын башталышында (Сырт жайлоосунда). Райондун борбору Кызыл-Суудан 160 чакырым түштүк тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 307 чакырым.

Калкы 21 (1993). Башталгыч мектеп, фельдшер-акушердик пункт бар.КарасайБарскон айыл кеңешине караштуу айыл. Тарагай өрөөнүндө жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суудан 157 чакырым түштүк тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 307 чакырым.

Калкы 118 (1993). Китепкана, клуб, оорукана бар.Кичи ЖаргылчакЖаргылчак айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 31 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 160 чакырым. Калкы 1924 (1993). Орто мектеп, клуб, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.Кой-Сары (Зеленый Гай)Липенка айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 32 чакырым түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 223 чакырым. Калкы 46 (1993).

Мурда «Кой-Сары» курорту иштеп турганда ага караштуу көмөкчү чарба болгон.КонкинЫрдык айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 27 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 212 чакырым. Калкы 511 (1993).

Башталгыч мектеп, клуб, китепкана, тери иштетүүчү цех, наавайкана, фельдшер-акушердик пункт бар.КурортЖети-Өгуз курорту турган жер. Аймактын эзелтен берки аты Бөйрөк. Жети-Өгүз айыл кеңешине карайт. Райондун борбору Кызыл-Суудан 24 чакырым чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 28 чакырым түштүк-батыш тарапта. Калкы 397. Клуб, китепкана, бала бакча, тейлөө үйү бар. Кызыл-Суу пристаны Кызыл-Суу айыл кеңешине караштуу айыл. Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кара-Булуңда жайгашкан. Райондун борборунан 9 чакырым түндүк тарапта. Калкы 117 (1993).

КытайЫрдык айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 24 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 211 чакырым. Калкы 542 (1993). Негизги мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.ЛипенкаЛипенка айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 21 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 214 чакырым. Калкы 1438 (1993). Орто мектеп, клуб, бала бакча, китепкана, тигүү цехи (тон, тумак), айылдык врачтык амбулатория бар.МундузАк-Дөбө айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 16 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 207 чакырым. Калкы 525 (1993). Башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, фельдшер-акушердик пункт, тери иштетүүчү, колбаса жасоочу цехтер иштейт.ОргочорОргочор айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 6чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 189 чакырым.

Калкы 1927 (1993). Орто мектеп, бала бакча, айылдык врачтык амбулатория, клуб, наавайкана, суу май чыгаруучу цех, кыям чыгаруучу цех, тегирмен бар.ПодгорныйОргочор айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 2 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 195 чакырым. Калкы 964 (1993).СарууСаруу айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 5 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 176 чакырым. Калкы 6406 (1993).

Орто жана негизги мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, наавайкана, тегирмен, суу май чыгаруучу цех (рапстан), фельдшер-акушердик пункт, участкалык оорукана бар. Санаторий Ысык-Көл санаторийи турган жер. Саруу айыл кеңешине карайт. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 10 чакырым түндүк-батыш тарапта. Китепкана, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.Светлая Поляна (Сүттүү-Булак)Светлая Поляна айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 4 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 186 чакырым.

Калкы 2070 (1993). Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.Талды-Булак Жети-Өгүз айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 24 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 211 чакырым. Калкы 126 (1993). Фельдшер-акушердик пункт бар.ТамгаТамга айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Кызыл-Суудан 39 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 148 чакырым. Калкы 4726 (1993). Орто мектеп, музыкалык мектеп, мечит, клуб, оорукана, маданият үйү, бала бакча, китепкана, Тамга санаторийи бар.Тилекмат (Шалбаа)Ак-Дөбө айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 13 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 200 чакырым.

Калкы 1965 (1993). Орто мектеп, клуб, мектеп, бала бакча, кыям чыгаруучу цех, айылдык врачтык амбулатория бар. Тосор Тамга айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 55 чакырым батыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 127 чакырым. Калкы 1575 (1993). Орто мектеп, клуб, бала бакча, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.Чоң-ЖаргылчакЖаргылчак айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 37 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 151 чакырым. Калкы 613 (1993).

Орто мектеп, клуб, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар. Чоң-Кызыл-Суу Светлая Поляна айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Кызыл-Суудан 6 чакырым, Балыкчы темир жол станциясынан 151 чакырым. Калкы 495 (1993). Сегиз жылдык мектеп, китепкана, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар.ЧыракЖети-Өгүз айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 22 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 206 чакырым. Калкы 1768 (1993). Орто мектеп, айылдык врачтык амбулатория, клуб, китепкана, бала бакча бар.ЫрдыкЫрдык айыл кеңешине караштуу айыл, Райондун борбору Кызыл-Суу айлынан 28 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 214 чакырым. Калкы 1965 (1993). Орто мектеп, китепкана, наавайкана, фельдшер-акушердик пункт бар.Жети-өгүз районунун ирригациялык курулмалары.1993-жылы райондун 42,8 миң га жери чарба аралык жана ички чарбалык сугат системалары аркылуу сугарылган. Эң ири чарба аралык сугат системалары Каракол, Ырдык, Жети-Өгүз, Чоң-Кызыл-Суу, Кичи-Кызыл-Суу, Жууку, Чычкан, Ак-Терек, Барскон, Чоң-Жаргылчак, Тамга, Тосор сууларына туура келет.

Сугат жерлерге суу чарба аралык каналдар (узундугу 277,5 чакырым) жана чарбанын өзүндөгү каналдар (узундугу 647,5 чакырым) аркылуу жеткирилет. Чарба аралык каналдарга 254, чарбанын өзүнө караштуу каналдарга 350 гидротех. курулмалар орнотулган. Ири каналдары автоматтык системалар менен жабдылган. Ал каналдардын орточо узундугу 4төн 25 чакырымга, суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 5ден 12 метр/кубга чейин. Жети-өгүз районунун ирригациялык курулмалары райондук сугат системалар башкармасына (Кызыл-Суу айылы, Дзержинский көчөсү, 52) карайт. 104 киши иштейт (1993).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)