Жети


Жети - кыргыздарда жана Евразиянын башка калктарында, араб элдеринде (семит элдери) эзелтеден ыйык маанини туюндуруп келген сан, санак. Ыйык сан Саян-Алтайдагы, Монголиядагы байыркы кыргыз, түрк рун сымал жазууларда да эскерилери маалым. Күл Тегиндин эстелигинде анын (ханзада Күлтегин) жылдын он жетинчи күнүндө, кырк жети жашында көз жумгандыгы, жыйырма жетинчи күнү жерге коюлуп, эстелик жетинчи айдын жыйырма жетисинде тургузулгандыгы баяндалат. Кыргыздарда да эзелтеден жети атаны билүү, бабалардын арбактарын урматтоо салты сакталып келет. Ал эми алтайлыктарда жети атадан кийинки бабалардын атын атоого табу (тыюу) салынган жана башкалар. Жети - символикалык ыйык санды, тагыраак айтканда, уруу союзун, бирикмелердин да аталышын аныктап келет. 11-к. автор фарси Гардизи 8-9-кк. Ибн Хордадбек, Джейхани ибн-Мукаффалардын маалыматтарына таянып, кимактар жөнүндөгү төмөнкү уламышты кагаз бетине түшүргөн: «Шад дегенге оболу жети киши, андан соң жети жүз киши өз уруу жетекчилери менен келишти, алар: имек (йемек), татар, кыпчак, ланиказ, ажад, ими». Байыркы кимак-кыпчак уруулук бирикмеси жети уруудан турган. Тувадагы байыркы кыргыздарга таандык Төр Апа Ичреки аттуу атактуу жоокерге арналып тургузулган эстеликте (9-10 кк.)«... жети бөрү өлтүрдүм...» - сыяктуу саптар бар. Бул атактуу жоокердин бир эле учурда шамандык (бакшылык) кызматты да аткаргандыгы баяндалган. «Жети бөрү» термини «жети баатыр», «жети уруу» дегенди билдирген. Буга бүгүнкү хакастардын курамындагы «чити пүүр» уругу (сөөгү) мисал боло алат.

2016-08-11 69 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11