Жерге-Тал Нарын району


Жерге-Тал, Нарын району – Нарын районундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 39 км Түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 151 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 2907 (2009), негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, китепкана, оорукана, дарыкана, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Кыштакта илимпоз, философ А. Табалдиев туулган.

2016-08-11 135 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11