Жер-суу реформасы


Жер-суу реформасы – Орто Азия жана Казакстанда падышалык Россия тарабынан күч менен мамлекеттин менчигине алынган жерлерди жергиликтүү элге кайтарып берүү үчүн Совет өкмөтү жүзөгө ашырган социалдык-экономикалык чаралар. Ал 1920-ж. сентябрь айындагы Түркстан Компартиясынын 5-cъездинде кабыл алынып, эки этапта өткөн. 1. 1921–22-ж. Түндүк Кыргызстанга келген келгиндерди мурдагы орундарына көчүрүп, алардын ордуна жергиликтүү калкты отурукташтыруу ишке ашырылган. Мисалы, Каракол уездинен бошогон жерге 1578 түтүн, Пишпек уездинде 4500 түтүн кыргыз жайгаштырылган. Нарын уездинен 15 миң теше жер жерг. элге кайтарылган. Басмачылыкка байланыштуу жер-суу реформасы Түштүк Кыргызстанда толугу менен ишке ашкан эмес. 2. Улуттук-мамлекеттик бөлүнүү аяктагандан кийин (к. Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү) Орто Азиянын бардык республикаларында жүргүзүлүп (1925–29), бул этаптагы жер-суу реформасы Түштүк Кыргызстанда «үчтүктөрдүн» (тройка) күчү менен өзгөчө кырдаалда өткөн. Себеби бул жакта ашыкча жерди россиялык келгиндерден эмес, жерг. байлардан тартып алууга туура келген. Натыйжада 1927–28-ж. жеке менчик 494 ири чарба жоюлуп, 3447 жеке чарбанын ашыкча жери кесилип алынган. Алардын эсебинен 45 777 га сугат жана 22 831 га кайрак жерлер жер-суу реформасынын фондусуна өтүп, дыйкандарга тийиштүү үлүш мурун 0,5 га сугат, 0,2 га кайрак жерден турса, реформадан кийин ал 2,8 га сугат, 1 га кайрак жерди түзгөн. Жер-суу реформасынын мааниси Орто Азиядагы жергиликтүү элден күч менен тартылып алынган жерлер кайтарылып, орус кулактары пайдаланган артыкча укук чектелип, феодалдык ээликтерге айланган көп жерлер кембагалдарга бөлүнүп берилгендигинде болгон.

2016-08-11 932 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11