Жер коңуздар


Жер коңуздар - секиргич коңуздар (Chrysomelidae) – жалбыракчылар тукумундагы коңузундугу демейде ачык түстө. Дене узундугу 2 см. Арткы буттары узун жана жоон, секирүүгө ылайыктуу. Дүйнөдө 40 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 1400дөй түрү белгилүү. Көбүнчө топуракта жана чөп-чардын астында кыштап, жазында күн жылыганда чыгат. Булар өсүмдүк жалбырагын оюп, сабагын кемирет. Негизинен топуракка жана өсүмдүктөргө сиркелейт. Личинкасы өсүмдүктүн тамырын жейт. Алардын 129 түрү кайчылаш гүлдүү өсүмдүктө (капуста, шалгам, түрп жана башка), кызылча, зыгыр, дан эгиндери, картөшкө (колорадо коңузу) жана помидорго зыян келтирет. Сактануу чаралары: жер коңузу азыктануучу отоо чөптөрдү жок кылуу (кээде отоо чөпкө каршы колдонулат), үрөндү эрте себүү, үрөнгө инсектицид чачуу жана башка.

2016-08-11 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11