Жер астындагы суулар жана дары барактар


Кыргызстан жер астындагы сууларга бай. Алар жерастындагы тузсуз суулар жана минералдуу суулар деп ажыратылат. Республикада дары-баткак чыккан жерлер да көп.

Тектоникалык кыймылдын натыйжасында Кыргызстандын аймагында тоо аралык өрөөндөр жана тоолор пайда болгон. Өрөөндөр начар камдашкан жана борпоң тоотектерге толгон, ал эми протерозой жана палеозой тоотектеринен түзүлгөн тоолор ургаал бузулууларга дуушарланып, ар түрдүү өлчөмдөгү жаракалар менен тилмеленген. Жаракалар зоналарында топтолгон жерастындагы суулар булак түрүндө жер бетине чыгат. Кыргызстандагы жерастындагы суунун негизги (басымдуу) ресурсу өрөөндөрдө топтолгон. Мындагы суулар негизинен жер үстүндөгү суулардын фильтрациясынан топтолот жана толукталат (башка кен байлыктарга караганда жерастындагы суу запасынын толукталып турушу менен айырмаланат, бирок ресурсунун көлөмү чечүүчү ролдо болот). Тооаралык ири өрөөндөр жайгашкан Кыргызстандын түндүк аймагы жер астындагы сууга салыштырмалуу бай, ал эми жерастындагы суунун топтолушуна ыңгайлуу шарт азыраак болгон Фергана артезиан бассейнинин чет-жакасында орун алган республиканын түштүк аймактарында жерастындагы суунун запасы азыраак.

Жерастындагы тузсуз суулар калк орношкон жайларды суу менен камсыз кылууда, айыл чарба жерлерин сугарууда ж. б. тиричиликте жана өндүрүштө мааниси зор.

Жерастындагы тузсуз суулар. Азыркыга чейин Кыргызстанда жерастындагы тузсуз суулардын 40тан ашуун кени чалгындалып, 20сы чарбачылыкка жана ичүүгө, калгандары сугат үчүн пайдаланууга жарактуу экендиги аныкталган.

Минералдуу суулар. Түрк тилинде сүйлөгөн элдерде дарылык касиети бар сууларды «арашан» же «арасан» суулары деп аташат. Алар көптөгөн табигый суулардын температурасы жана курамындагы газдары менен айырмаланат. Кыргыздар байыртадан эле минералдуу сууларды дарылык максатта колдонуп келген.

2016-08-11 39 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11