Жер алды


Жер алды — байыркы мифологиянын негизинде пайда болгон түшүнүк. Байыркы адамдардын диний түшүнүгү боюнча дүйнө үчкө бөлүнгөн: биринчи — асман (кудайлар өлкөсү), экинчи — адамдар жашаган дүйнө, үчүнчү — жер астындагы дүйнө (өлүктөр дүйнөсү). Айрым адабиятчылардын пикири боюнча мифологиялык түшүнүктөрдүн алгачкы учурун таза диний мифология катары кароого болбойт. Кийинчерээк адамдар тапка бөлүнгөндөн кийин, бул элдик түшүнүк таптык кызыкчылыкка баш ийдирилип, мусулман дининин куралына айланган. Байыркы кыргыздар да кыял менен жаратылышты бул тирүү адамдар жашаган дүйнө, өлгөн адамдар жашаган тигил — Ж. а-ндагы дүйнө деп экиге бөлүшкөн. Эпосто сүрөттөлгөн Ж. а-ндагы дүйнө жер үстүндөгү турмуштан эч бир айырмаланбайт. "Бокмурун элге кабар жибергени, Көкөтөйдү коигону" деген окуяда Ж. а-ндагы дүйнө төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Күтүнүп турсаң ашыңа

Күлдү журт келер кашыңа.

Жердин өзү дөңгөлөк

Жеткен жан келер жөрмөлөп.

Жер астында эрлер бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 67).

Мында кыргыз эпосундагы Ж. а-ндагы дүйнө жөнүндөгү түшүнүк, башка түрк элдеринин көз карашындай эле бул элдин поэтикалык гана көз карашы деп жыйынтык чыгарууга болот.

9-кылымга чейин кыргыздарда, Алтайда, Батыш Сибирде жашаган элдерде тигил дүйнө жөнүндөгү түшүнүк абдан күчтүү болгон. Алтайлык жана Сибирде жашаган түрк элдеринин чыгармачылыгында Ж. а-ндагы кудайлар, шамандар менен болгон согуш учурайт. Башкы каарман тагдырына багышталган аялды алуу үчүн Ж. а-на түшүү, болбосо алыскы бир жерге чоочун элге саякат жасоо башка элдердин эпикалык оозеки адабияттарында да кезигет. Бул мотив алардын өтө байыркылыгын белгилейт.

Академик В. В. Радлов алтайлыктардын элдик чыгармалары менен таанышкандан кийин, бул түрк урууларынын оозеки чыгармаларында кеңири кезигүүчү Ж. а-ндагы дүйнө жөнүндөгү түшүнүктөрдү шаманизмдин теңири катары карабастан, шамандык көз караштан өзгөчөлөнүп турган алтайлыктардын поэтикалык көз карашы катары караш керектигин эскерткен.

Ж. а-ндагы дүйнө жөнүндө кыргыз элинин жөө жомокторунда, "Манас" эпосунда, негизинен "Эр Төштүктө" кеңири кездешет. "Эр Төштүк" эпосундагы Ж. а-ндагы турмуш жөнүндөгү мифологиянын өнүгүшү тигил дүйнө жөнүндөгү түшүнүктүн чыгышы, тактап айтканда, жан адамдын денесинен бөлөк жашайт деген түшүнүктүн келип чыгышы менен байланыштырылган. "Манас" эпосунун негизги варианттарында да Төштүк Ж. а-на түшүп барып, кайра келген баатыр катары сүрөттөлөт:

Элемандын эркеси

Жер алдына түшкөнү

Жети жыл болгон чагы экен,

Жер үстүнө чыкканы

Жети күнчө бар экен

Ошо Төштүк келгени ( Саякбай Каралаев, 2. 12, 40, Сагымбай Орозбаков, 3. 106).

Төштүктүн Ж. а-на түшүшүн шамандык мифология катары карабастан, байыркы адамдардын түшүнүгү катары караш керек.

2016-08-11 28 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11