Жентек той бала көрүү


Ак бата менен көгөруп биздин көшөгө,
Ата-эне болдук, балдарга көруп камылга.
Бактыгул Чотурова

Адам катарын дагы бир адамдын толукташы чоң кубаныч. Ошондуктан үй ээсинин чакырышын күтпөй эле бала төрөлөрү менен айыл-ападагылар бала көрүп келе башташкан. Баланы мурдунан чымчып өөп, аны алдына алып отурган кишиге (байбичеге, келинге, кызга) көрүндүк беришкен. үй ээси карындагы майду бузуп, баланы оозанткан сары майды талканга аралаштырып келгендерге ооз тийгизген. Жентек тойго келгендер бата берип кайтышкан. Эгер жентекке мал союлса, мүлжүнгөн сөөктөрдү жерге көмүшкөн. Бул баланы сактоочу, коргоочу Умай энеге курмандык болуп эсептелген.
Жаш наристеге аяр мамиле жасашкан: салмагын айткан эмес, көп назар салышпаган, кийим-кечесин түндөсү эшикке калтырбаган, күзгүгө көргөзбөгөн. Кыргызда уулдун баласы небере, кыздын баласы жээн делет. Төрөгөн келиндин өз энеси жээнин көрүп келгенде кызына белдемчи тартуулаган. Белдемчи тоо-ташта жүргөн кыргыз келиндери төрөп-түшкөндөн кийин белин бекем бууп, жылуулукту, тазалыкты жана ден соолукту сактоодо зор өбөлгө болгон. (Белдемчинин ошондой эле той-тамашаларда кооздук үчүн да тартынышкан). Бала төрөлгөндөн кийин бир-эки күндүн ичинде туз татытылган суу менен киринтип, денесин тунгактан кетиришет. Бул - «арам сууга алуу» деп аталат.
Ал эми тун баласын төрөгөн келиндин эки өрүм чачынын учуна чач учтук тагып, элечек кийгизишкен.
Кыргыздар малдын ичинен төөнү дагы төрөдү деп айтып, төөнүн башына ак жоолук салып, жентек берген.

2016-08-11 123 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11