Желтоксан (декабрь) окуясы


Желтоксан (декабрь) окуясы – 1986-жылдын 17–19-декабрында Алматыда болгон казак жаштарынын тоталитардык саясатка каршы нааразылык кыймылы. 1986-ж. 16-декабрда Казакстан КП БКнын Пленуму өткөрүлүп, анда казак калкынын пикири эске алынбастан, КПСС БКнын көрсөтмөсү менен Д. А. Кунаевдин Казакстан КП БКнын 1-секретары кызматынан алынышы жана ордуна орус улутундагы Г. В. Колбиндин (мурда Грузия КПнин 2-секретары) келиши кыймылдын башталышына түрткү болгон. 17-декабрь күнү эртең мененки саат 8де Казакстан КП БКнин имаратынын алдындагы Л. И. Брежнев атындагы (азыркы «Республика») аянтында мектеп окуучулары, студенттер, жумушчу жаштар, ошондой эле ЖОЖдун окутуучуларынын катышуусундагы тынчтык жүрүшү башталып, кечинде алардын саны 20 миңге чейин жеткен. Чогулгандар борбордун кадр маселесин чечүүдөгү бир жактуу аракеттерин сынга алып, маанилүү иштерди чечүүдө республиканын бийлик уюмдарынын пикирин да эске алуу жана жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн чыккан саясий ишмерлерге тоскоолдук кылбоо, республиканын өз алдынчылыгын, улуттук тилдин жана маданияттын өнүгүүсүнө зарыл шарттарды камсыз кылуу талаптарын коюшкан. Кыймылды басуу, анын катышуучуларын күч менен таратуу максатында Казак ССР ИИМдин жана МККнын аскер бөлүктөрү, Алматы чек ара окуу жайынын курсанттары, СССР ИИМдин кошумча атайын күчтөрү тартылган. Митингчилер менен кагылышуу башталып, аларга каршы курал катары сапёрдук күрөктөр, атайын үйрөтүлгөн иттер, өрт өчүрүүчү машиналар жана бронетранспортёрлор колдонулган. Бийлик менен козголоңчулардын тирешүүсүнөн улам «Казакстан казактар үчүн!», «Орустар Казакстандан чыгып кетсин!» деген сыяктуу ураандар пайда болгон. Ошол эле мезгилде Казакстан КПнин имаратына чабуул даярдалып жатканы тууралуу Москвага маалымат түшүп, М. С. Горбачёв окуялардын чиеленишине жол бербөө талабы менен Д. Кунаевге кайрылган. Кечке жуук көтөрүлүш күч менен басылган. 18-декабрда аянтка кайрадан өтүүгө аракеттенген митингчилердин айрым топтору куулуп-таркатылып, козголоңчуларга катуу жаза көрүлгөн. Желтоксан (декабрь) окуясынын жүрүшүндө 8500 адам кармалып, жазаланган. 6 киши курман болуп, 1720дай киши жаракат алган. ИИМдин 1200 кызматкери иштен бошотулган, 12 ЖОЖдун ректору кызматынан алынып, 246 студент окуудан чыгарылган. 99 адам кылмыш жообуна тартылып, экөө атууга өкүм кылынган. 19–23-декабрда Жезказган, Талды-Коргон, Көкчө-Тоо, Караганды, Аркалык, Павлодар, Жамбыл, Талгар, Саркант жана башка аймактарда да нааразылык митингдер болгон. Желтоксан (декабрь) окуясына катышкан митингчилердин көпчүлүгү куугун-сүргүнгө учураган. 1987-ж. КПСС БКнын Саясий бюросу Желтоксан (декабрь) окуясын «казак улутчулдугунун көрүнүшү» катары баалаган (1990-ж. Казакстан КП БКнын демилгеси менен мындай баа туура эмес деп табылган). Бул окуя тоталитардык саясатка каршы казак жаштарынын азаттык күрөшү болгон. Казакстан көз каранды эместигин алган соң, Желтоксан (декабрь) окуясы тууралуу чындык калыбына келтирилип, бул жөнүндө «Желтоксан», «Желтоксан курмандыктарын эскерүү», «Эр намысы – эл намысы» жана башка эмгектер жаралып, «Аллажар», «Кызгыш күс» кинофильмдери тартылган.

2016-08-11 59 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11